Домой Саясат Депутат: Жээнбеков жалган айтып койдубу же ал айтканды аткара албай калдыңарбы?

Депутат: Жээнбеков жалган айтып койдубу же ал айтканды аткара албай калдыңарбы?

9

Кечээ, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралды. Анда депутат Абдывахап Нурбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге суроо берди.

«Сооронбай Жээнбеков президент кезинде «2023-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү бардык айылдарда таза суу маселеси чечилет» деп айткан. Ошол сөздү билесизби? Канчалык деңгээлде ишке ашат? Бул реалдуубу же популизм болгонбу?», — деп сурады депутат.

Бөрүбаев 2026-жылга карата стратегиялык план түзүлгөнүн айтып, 651 айылга суу киргизүү пландалганын билдирди. «2023-жылы бүтөт деген аткарылбай калды», — деп жооп берди.

«Ошондо Сооронбай Жээнбеков жалган айтып койдубу же ал айтканды аткара албай калдыңарбы?», — деп сурады депутат.

Бөрүбаев бул маселени чечпей турганын айтып, буга тийиштүү агенттиктин жетекчисинин орун басары иш сапарда жүргөнүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg