Домой Коом ​Бийликке сын айтканы үчүн суракка чакырган учурлар көбөйдү. Бул мыйзамсыз экенин түшүндүрүп...

​Бийликке сын айтканы үчүн суракка чакырган учурлар көбөйдү. Бул мыйзамсыз экенин түшүндүрүп беребиз

22

Укук коргоо органдары бийликке сын айткандарды суракка көбүрөөк чакыра баштады. Бийликке айткан сыны үчүн суракка чакыруу, анан дагы алардан суракты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат жаздырып алуу эмне себептен мыйзамсыз? Макалабыздан окуңуз.

1-майда Шабдан уулу Чынарбекти (Али Шабдан) Талас облустук ИИБге чакырып, социалдык тармактагы бийликти сындаган посттору үчүн түшүнүк кат алышкан.

15-июлда “Стенд-ап” шоусунун катышуучусу Назгүл Алымкулованы суракка алышкан. Ал белгилүү америкалык рэпердин күлкүлүү видеосуна Кыргызстандын Президентинин сүрөтүн койгон.

17-июлда ИИМдин тергөө кызматы “Меместан” Фейсбук баракчасынын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын жубайы Эркин Асанбаеваны суракка алган.

Жубайларды коштоп барган юрист Нурбек Токтакунов алар бийликти күч менен басып алуу беренесине байланыштуу (кылмыш кодексинин 310-беренеси) иш боюнча күбө катары чакырылганын билдирген. Бирок, ошол эле учурда суракта мемдер боюнча посттор тууралуу дагы сөз болгон. Алар сотко чейинки иш тууралуу ачык айтпоо боюнча кепилдик катын беришкен.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга сөз эркиндигине жана пикир айтуу эркиндигине кепилдик берет.

“Медиа полиси институтунун” юристтери эгер сизди суракка чакырып калса, эмнени билүү керектигин түшүндүрүп беришет.

Эгер сизди суракка чакырса эмнени билүү керек?

Бийликти сындоо кылмыш түрүнө кирбейт. Бийликке сын айтканы үчүн суракка чакыруу мыйзамсыз болуп эсептелет. Ошондуктан тергөөчүнүн андай иш-аракетине каршы арыз жазуу керек.

1. Бийликти сындоо кылмыш эмес, ал үчүн суракка чакыруу УКМК же ИИМдин компетенциясына кирбейт.

2. Суракка барар алдында сөзсүз социалдык тармакка пост жазып, чакыруу кагазынын сүрөтүн жүктөңүз.

3. Чакырса барбай калбаңыз, бирок зарыл себептериңиз болсо, анда чакыруу убактысын сизге ыңгайлуу убакытка жылдыртып коюңуз.

Бийликти сындоо менен улуттук коопсуздукка коркунуч келтирилбейт. Бийликти сындоо менен адам өз пикирин билдире ала турган конституциялык укугун пайдаланат. Ал эми бийлик анда айтылган кемчиликтерди жоюуга чара көрүшү керек.

Төмөнкү иш- аракеттерге тыюу салынат:

  • террористтик ишке үндөөгө болбойт (кылмыш кодексинин 242-беренеси, УКМК көзөмөлүндө);
  • мыйзамдуу бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөгө, массалык баш-аламандыкка, жарандарды зомбулукка алууга чакыруу (кылмыш кодексинин 264-беренеси, 3-бөлүк, УКМК жана ИИМ көзөмөлүндө);
  • бийликти күч менен басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө үндөө, согушту пропагандалоо (кылмыш кодексинин 310-беренеси, УКМК көзөмөлүндө);
  • расалык, этникалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга болбойт (кылмыш кодексинин 313-беренеси, УКМК жана ИИМ көзөмөлүндө);
  • экстремисттик материалдарды таратууга болбойт (кылмыш кодексинин 315-беренеси. УКМК жана ИИМ көзөмөлүндө).
  • суракка алуу сотко чейинки өндүрүштөгү тергөө иши, ал укук коргоо органдарына далилдерди жыйноого жардам берет (кылмыш-процессуалдык кодексинин 82-беренеси).

Суракка чакыруу кагазы аркылуу гана барышыңыз керек.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин 189-беренесине ылайык ал кагазда сөзсүз түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

✔ аты-жөнүңүз, суракка кайсы статуста чакырылып жаткандыгыңыз: күбө же шектүү же айыптоочу катарыбы.

✔ кимге жана кайсы дарекке кайрылуу керектиги;

✔ сурактын убактысы, күнү, сааты;

✔ адвокатты чакыруу укугу;

✔ суракка себепсиз барбай коюунун кесепети.

Суракка чакыруу кагазын чакырылган киши өзү кол коюп, анан алат. Эгер чакырылган киши жок болуп калса, анда үй-бүлө мүчөсүнүн чоңдорунун бирине берилет.

Кылмыш-процессуалдык кодексинде телефон аркылуу чакыруу тууралуу жазылган эмес. Андыктан чакыруу кагазын жиберүүнү өтүнүү зарыл. Же мессенжер, вотсап аркылуу жиберүүнү сураныш керек. Эгер сиз белгиленген убакта суракка бара албай калсаңыз, анда анын себебин тергөөчүгө билдирүү керек.

Себептүү келбей калуу шарттарына:

✔ өзүңүздүн ооруп калгандыгыңыз;

✔ жакын адамдарыңыздын өлүмү;

✔ жаратылыш кырсыгы;

✔чакыруу кагазын албай калганыңыз же башка себептер болушу мүмкүн (кылмыш-процессуалдык кодексинин 121-беренеси);

4. Сурактын узактыгы 4 сааттан ашпашы керек.

Сурактын узактыгы 4 сааттан ашык болбошу керек. Ал эми бир күн ичиндеги сурактын узактыгы 8 сааттан ашпашы керек, анын арасында 1 сааттан кем эмес тыныгуу болууга тийиш. (кылмыш-процессуалдык кодексинин 190-беренеси).

Эгер сизди суракка жумуш убагында чакырышса, анда сизди жумуш берүүчү бошотуп жиберүүгө милдеттүү. (КР эмгек кодексинин 182-беренеси).

Эгер сурак саат 22:00ге чейин бүтпөй калса, анда кийинки күнү улантылат. Суракты саат 22:00дөн саат 06:00 гө чейин жүргүзүүгө болбойт (кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон учурларды эске албаганда (кылмыш-процессуадык кодексинин 158-беренеси).

5. Суракка адвокатсыз барбаңыз.

-Адвокатты интернеттен, адвокатурадан же юстиция министрлигинин сайтынан таба аласыз.

Медиа Полиси институту жарандарга сөз эркиндиги жана айрым учурлар боюнча консультация бере алат. “Адилет” . “Бир дүйнө”, “Прецендент” укук коргоо уюмдарына да кайрылууга болот.

6. Тактап алыңыз, суракка сизди күбө катары чакырыштыбы же шектүү катарыбы?

-Эгер сиз күбө катары чакырылсаңыз, кылмыш иши же жоруктар боюнча сизге белгилүү жагдайлар боюнча айтып бересиз (кылмыш-процессуалдык кодексинин 58-беренеси, 1-пункту).

Сотко чейинки иш кыскартылган болсо, анда шектүү статусунан бошоносуз (кылмыш-процессуалдык кодексинин 44-беренеси, 1-пункт).

Айыпталуучу катары да чакырылышыңыз мүмкүн (кылмыш-процессуалдык кодексинин 46-беренеси, 1-пункт).

Өз кезегинде жогоруда аталган адамдардын баарында күбө иммунитети болот, б.а. өзүнө же жакын туугандарына, жубайына карата жана кылмыш-процессуалдык кодексинин башка учурларында (кылмыш-процессуалдык кодекси, 38-берене) көрсөтмө бербейт.

Белгилеп кетүүчү нерсе, күбө же жабыр тарткан тарап көрсөтмө берүүдөн баш тарта албайт. Ал эми шектүү менен айыпталуучу андай укукка ээ.

Эгер сизди күбө катары чакырышса, анда:

  • эне тилинде же өзүңүз билген тилде көрсөтмө бере аласыз;
  • котормочунун кызматынан пайдалана аласыз;
  • көрсөтмөңүздү өзүңүз айта аласыз;
  • сурактын протоколу менен таанышып, ага кошумча жана өзгөртүү киргизе аласыз;
  • көрсөтмө берип жатканда жазуу кагаздарын жана документтерди колдоно аласыз;
  • сурак учурунда жактоочу ала аласыз.

7. Суракты тергөөчү гана ала алат, ошондуктан суракты ким жүргүзүп жатканын сурап алыңыз.

Сурак алдында тергөөчү сиздин укугуңуз жана милдеттериңизди так айтып берип, протоколго тиешелүү белгилерди коюшу керек.

Суракта айткан нерселериңизди өзүнчө кагазга белгилеп алыңыз же сурак протоколун сүрөткө тартып алыңыз. Себеби тергөөчү сурак протоколунун көчүрмөсүн күбөгө берүүгө милдеттүү эмес.

Ал эми сиздеги жазуу кошумча суракта же бетме-бет жолугушууда пайдасы тийип калышы ыктымал.

8. Сурак учурунда сылык болуңуз, ашык сөз айтпаңыз, суроого жооп узатып гана туруңуз.

Сизди ким суракка аларын билип алыңыз. Сылык түрдө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүнү өтүнүңүз.

Эгер сизди чакыруу кагаздагы тергөөчү эмес, башкасы суракка алса, анда сурак бүткөндөн кийин муну социалдык тармакта кабарлаңыз. Коомчулук бийликти сындагандарды кайсы тергөөчү суракка алаарын билишсин.

Суракты тергөөчү гана жүргүзө алат. Эгер бул ишке тиешеси жок киши суракка алса, анда алынган далил четке кагылат (кылмыш-процессуалдык кодексинин 4-беренеси, 5-пункту)

Психологиялык басым болбошу үчүн опер кызматкери жана тергөөчүдөн башкасын кабинеттен чыгып кетүүнү сураныңыз.

Сурак жүргүзүп жатканда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу же башка мыйзамсыз чаралар кылмыш иши катары саналат (кылмыш-процессуалдык кодексинин 191-беренеси).

Сурак бүткөндөн кийин тергөөчү сизге сурактын протоколу менен таанышууга мүмкүнчүлүк бериши керек.

9. Айтылгандарды эмнеге жарыя кылбоо кепилдигин беришиңиз керектигин сураңыз, эгер жакшылыктуу жооп болбосо, кепилдик берүү катына кол койбой койсоңуз болот.

Андан кийин протоколдун мазмуну менен таанышыңыз. Эгер жаңылыш жактары болсо, тергөөчүгө аны оңдоттуруңуз.Тергөөчү аны оңдоого милдеттүү (кылмыш-процессуалдык кодексинин 193-беренеси).

Сурактан кийин тергөөчү айтылгандарды сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жарыя кылбоо тууралуу сизден тил кат алышы мүмкүн (кылмыш-процессуалдык кодексинин 191-беренеси. 13-б.). Бирок мындай абал ар бир тергөөчү негизсиз эле ар бир иште андай кепилдик ала берет дегенди түшүндүрбөйт.

Мындай учурда тергөөчү жарыя болууга жатпай турган маалымат кайсы экенин конкреттүү айтышы керек. Ошондой эле ал тыюу кайсы мөөнөткө чейин созула турганын да билдирүүгө тийиш.

Көрсөтмөнү жарыя кылбоо процедурасы жөнөкөй эле(кылмыш-процессуалдык кодексинин 191-беренеси,13-бөлүк), тергөөчү адегенде оозеки эскертет, андан кийин тил кат алат. (Жоруктар кодексинин 165-беренеси).

Прокурордун же тергөөчүнүн макулдугусуз айтылгандарды жарыя кылуу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин жазаланат.

10. Суракка мыйзамсыз чакырууга жана анда сөз болгон нерселерди ачыкка чыгарбоого милдеттендиргендерге каршы арыз жазыңыз.

Сурак алган органдын аракетине каршы же сурак берүү чечими алардын кызыкчылыгын көздөсө, ага каршы арыз бере аласыз (кылмыш-процессуалдык кодексинин 127-беренеси).

Арызды мыйзамсыз сурак жүргүздү деген күндөн 15 күн ичинде прокуратура же соттогу тергөөчүгө арыз менен кайрылууга болот (кылмыш-процессуалдык кодексинин 129-беренеси).

Арызда арыз берген органдын аты, кимге арыз бергендигиңиз, аты-жөнүңүз ( дарегиңиз, байланыш номери), эмнеге арыз бергендигиңиз, талаптарыңыз, арыз берген күн, тиркелген документтер көрсөтүлүшү керек.

Арызда ток этери жазылат.

Прокуратура органдары арызды алгандан кийин үч күндүн ичинде карашы керек. Эгер кошумча материалдар керек болгон учурда 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн (кылмыш-процессуалдык кодексинин 131-беренеси).

Арыздын каралышынын жыйынтыгына жараша 12 сааттын ичинде прокурор арызды толук же жарым-жартылай канаттандыруу, же четке кагуу, же даттанган чечимди өзгөртүү тууралуу билдириши керек.

Материалды карап жатканда кылмыш иши же жорук белгиси болбосо, анда кылмыш-процессуалдык кодексинин 26-беренесине ылайык, кыскартылат.

Бийликти сындоо үчүн суракка чакыруу саясий жактан куугунтук жана адамдын укугун бузуу болуп эсептелет.

Мында сындоо үчүн суракка чакырган кызмат адамы жоопкер болушу керек.

КР кылмыш кодексинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу (кылмыш кодексинин 320-беренеси), бийлигинен ашкере пайдалануу (кылмыш кодексинин 321-беренеси), кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо (кылмыш-процессуалдык кодексинин 340-беренеси) боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган.

ПолитКлиника медиа