Домой Коом Курман айт — тирүүлөрдүн майрамы (тосуу эрежелери)

Курман айт — тирүүлөрдүн майрамы (тосуу эрежелери)

91
Курман айт Алланы улуктоо күнү. Курман айттын максаты жалпы момун мусулмандар үчүн бир гана мал жандыктарын союп коюу эмес, курмандык чалуу менен адам Аллага жакындайт. Курмандык чалуу дегенде, колубузда бар мал-мүлктөн бир аз чыгарып, аны Алла жолунда курмандык кылып, канын чыгарып, эл журттан кан төгүлбөсө экен деп жакшы тилек кылуу деп да түшүнүү керек.

Курмандыкты кимдер чала алат?

Курмандык чалуу үчүн адамдын мусулман болуусу шарт. Балакатка жетүүсү зарыл. Курмандык чалуучу акыл-эси жайында жана материалдык мүмкүнчүлүгү бар инсан болушу керек. Мисалы, зекет бере турган инсандарга курмандык чалуу моюндарына важиб (милдет) болуп эсептелинет. Ал эми колунда жок инсандар, жаш балдар, акыл-эси кем адамдар болсо, курмандык чалуу аларга милдеттүү эмес. Бирок ата-энеси колунда бар адамдар болсо, баласынын атынан курмандык чалып койсо боло берет. Мусулман эмес инсан дагы курмандык чалса болобу?- деген да суроо жаралат. Аларга важиб эмес, бирок курмандык чалып койсо, сооп болот. Көйгөй жок.  

Кандай мал союлат?

Негизгиси – төө жандыгы, ал 5 жашар болушу керек. Бодо малдан өгүз болсо, жакшы болот. Бодо мал эки жаштан жогору болушу керек. Ханафи мазхабына ылайык, эки жашка толуш керек. Андан кийин — кой.  Кой 6 айлык, бирок 1 жаштай көрүнгөн  болсо, жакшы болот. Эчки 1 жашар болушу керек. Шарт ушундай. Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) хадисине, сүннөтүнө ылайык, «эң мыктысын сойгула» дейт. Мисалы, кочкордун, мал-жандыктын эң мыктысын алгыла. Эптеп-септеп чологун, чунагын же болбосо дагы бир оорулуусун алса, курмандыкка жарабайт. Бардык мүчөсү толук болуш керек. Айыбы болбош керек. Ошон үчүн бул — Аллага жакындоонун ибадаты. Жөн эле союп коюу эмес. Арапа күнү курмандык чалынган болсо, мойнундагы милдеттүү түрдөгү курмандыкты орундатпайт.  Эмнеге дегенде, ал кошумча гана Аллага жакындоо болуп калат. Эске алуучу жагдай — Курман айт намазынан кийин гана “Бисмиллях, Аллоху акбар”, -деп жакшы тилек, дубаларды кылып, куран окуп, курмандык чалып башташ керек.

Союлган малдын этин кимдерге берсе болот?

Пайгамбарыбыз муну 14 кылым мурда эле эске алып койгон. Курмандык чалуудагы максаты — өзү баштап, балким, үйүндө түтүн булатчу эмес, балким, тамак-ашы жетчү эмес. Бирок пайгамбарыбыз акча-тыйынын топтоп, курмандыктын эң мыктысынан, төөлөрдөн сойгон. Союлган мал, кой болобу же башкасы болобу 3/1 бөлүгүн өзү, үй-бүлө, бала-бакырасы менен колдонсо болот. Дагы бир бөлүгүн тууган-урук, кошуна-колоң, жакындары менен жакындашуу максатында сыйлаганга уруксат берет. 3-бөлүгү колунда жок, муктаж инсандарга таратылып берилсин деген нерсе бар. Албетте, бул — курмандык чалуунун эрежесине ылайык болгон нерсе. Эгерде бир инсан, мусулман бир тууганыбыз курман айтта курмандык сойду дейли. Бир кой эмес, балким, 10 кой сойгусу келсе да уруксат берилет. Мисалы, жети адам биригип, бир чоң малга шерик болот. Бир төө же бир уйду биргелешип сойсо болот. Бир койго жети адам шерик боло албайт. Бирок бир адам бука же төө, кааласа эки төө сойсо, уруксат берилет. Сойгондон кийин 3/1 бөлүгүн мен алышым керек, милдеттүү түрдө турбайбы деген нерсе жок экендигин да кошумчалап кетели. Кааласа, бардыгын Кудай жолунда таратып берсе болот. Кошуна, туугандарына өзүнчө эле кылайын деп, өзүнчө сойсо да болот. Бул күнү колунда жок инсандар үчүн чоң бир майрам болот. Адам баласынын организми дайым этке муктаж.

Курман айтка байланыштуу сооптор

Ниет өтө маанилүү. Ар бир намаздын артында эркектер үн чыгарып, аял кишилер үн чыгарбай айтат. “Аллах улук, Аллах улук. Кудайдан башка кудай жок. Аллах улук, Аллах улук жана Жаратканга мактоолор болсун” деген нерсени айт күндөрүндө 3 күн катары менен ар бир намаздын артында айтабыз. Арафа күнүндө орозо туткан адамга Адам алейхи саламдан баштап, кыяматка чейинки бутүндөй инсандардын саны канча болсо, ошондон эки эсе көп сооп жазылат. Ушул күндөрдө тутулган орозо, миң күн нафил орозо кармаганга барабар ибадат. Бул күнү бир инсаныбыз Алла жолунда садака бере турган болсо, 2000 төөнү курмандыкка чалган менен барабар сооп алат. Же 2000 жылкыны жабдыктары менен мекенди коргоо, жихад үчүн берген менен барабар сооп алат.

Курман айт тирүүлөрдүн майрамы

Келиңиздер, айт күнү колдон келген жакшылыктарды кылып калалы. Боло турган айт жөн гана өткөндөрдү эстеп, куран окутуп коюу эмес. Бул — майрам, шаан-шөкөт. Майрамдын максаты адал жолдо көңүл ачып, олтуруп, жакындарга зыярат кылып, жардам берип, үйгө мейман чакырып,  балдарды көчөгө алып чыгып, жакшы, майрамдык маанай тартуулап, жаңы кийимдерди кийип, белек берип, кубандыруу болуп саналат.

Булак: Марал.фм