Домой Коом Чүйдөгү каракчылык. Жабырлануучу белгилүү жактоочунун уулун кылмышка күнөөлөөдө (видео)

Чүйдөгү каракчылык. Жабырлануучу белгилүү жактоочунун уулун кылмышка күнөөлөөдө (видео)

1883

Журналист Алтынай Арстанбекова (Altysha Lv) Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, 2020-жылдын 11-июлга караган түнү белгисиз адамдар Дүйшембиевдердин Сокулук районундагы Ново-Павловка айылындагы үйүн карактап кетип, кожоюн каза тапканын айтты.

Ошондой эле, ал маркумдун жубайы Фатима Лукожовага да сөз бергенде, ал каракчылардын арасында белгилүү жактоочу Канат Хасановдун уулу да бар болчу деп күнөөлөдү.

Ал эми жактоочу Канат Хасанов болсо муну өзүнө карата каралоо болуп жатат деп эсептейт. Ошондой эле, ал уулун айыптап жаткан Фатима Лукожованы калп тапкыч детекторго чакырды.

БарсМедиа агенттиги жакынкы аралыкта бул боюнча баардык тараптын пикирлерин бермекчи.

Булак: Барс Медиа