Домой Дүйнөдө Казак оппозициясы Токаевге анын атасын ачарчылыкта кыргыздар сактап калганын эскертишти (ВИДЕО)

Казак оппозициясы Токаевге анын атасын ачарчылыкта кыргыздар сактап калганын эскертишти (ВИДЕО)

63
Казакстандын оппозициялык “Жусан” партиясы жана БАСЕ ютуб каналы орус-казак чек арасына жакын жерде Орусиянын Оренбург облусунда ачык асман алдында жашап жаткан 500гө жакын кыргыз жарандарынын тагдыры үчүн президент Касы-Жомарт Токаевди күнөөлөп чыкты. Алар кыргыздар жашап жаткан лагерден репортаж жасашып, алардын өтө начар шартта жашап жатканын айтып, Касым-Жомарт Токаевге кыргыз жарандары мекенине жетип алуу үчүн коридор ачып берүүгө чакырык ташташты. Алар репортаж маалында Касым-Жомарт Токеав милдеттүү экенин айтышып, өткөн кылымдагы, 1932-1933-жылдары казак элиндеги ачарчылыкта азыркы казак президентинин атасын жана атасынын бир тууганын кыргыздар куткарып калганын эскертип өтүштү.

Ал эми видеонун алдында “эмнеге кыргыз бийлиги жарандарын алып кетүүгө аракет жасабайт?” деген пикирди жазгандар басымдуу болду.

Булак: Барс