Домой Дүйнөдө Ким Чен Ын азыр кайда экенин кеңешчиси айтты

Ким Чен Ын азыр кайда экенин кеңешчиси айтты

39

Түндүк Корея лидеринин саламаттыгы жакшы. Ал 13-апрелден бери Вонсан аймагында иштери менен жүрөт. Бул тууралуу өлкө лидеринин эл аралык мамилелер жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мун Чжон Ин CNN телеканалына билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин CNN телеканалы Ким Чен Ынга операция жасалгандан кийин абалы кескин начарлап кеткенин кабарлаган. Маалыматта эл өлкө лидерин акыркы ирет 11-апрелде көргөнү белгиленген.

Япониянын “Сюкан Гэндай” басылмасы дагы жеке маалымат булактарына таянып, Ким Чен Ынга кытайлык дарыгерлер операция жасаганын жазып чыкты. Ал эми түштүккореялык Daily NK Түндүк Кореядагы маалымат булактарына шилтеме берип, Ким Чен Ын жүрөк-кан тамыр системасына жасалган операциядан кийин дарыланып жаткандыгын кабарлаган. Кийинчерээк интернет айдыңына мамлекет башчысы көз жумганы тууралуу маалыматтар тарай баштады. Мындай имиштерди президенттин кеңешчиси четке кагып, жетекчисинин саламаттыгы боюнча маалымат берди.

“Биздин өкмөттүн позициясы бекем. Ким Чен Ын көз жумду деген маалыматтар суу кечпейт. Өлкө лидери 13-апрелден бери Вонсан аймагында”, — деди кеңешчи.

Анткен менен Түндүк Коеянын ЖМКларына Ким Чен Ындын Вонсан аймагындагы иш-чараларга катышкандыгы боюнча маалыматтар чыга элек. Негизи эле мамлекет башчысынын сүрөтү ЖМКларга акыркы ирет 12-апрелде чыккан. Анда Ким Чен Ын Кореянын Куралдуу күчтөрүнөн кабар алганы маалымдалган.

Булак: sputnik