Домой Коом 5000 сом айлык буюрбай… Колдой турчу кезде кор болгон медиктер

5000 сом айлык буюрбай… Колдой турчу кезде кор болгон медиктер

31
Саламаттык сактоо министринин №235 буйругун жокко чыгаруу боюнча чечими бир топ дарыгерди чочутту. Себеби дал ошол буйруктун негизинде айрым дарыгерлер акы төлөнүүчү эмгек өргүүгө чыгышкан.

Коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарда азыр дарыгерлер турат. “Дзотко төшүн тоскон” да медиктер. Бирок саламаттык сактоо министринин карантинден улам иштебей отурган медиктерге маяна төлөнбөйт деген чечими коомчулукту таң калтырбай койгон жок.

улам аталган министрлик “жаш курагы улуу, өнөкөт оорусу барлар жана кош бойлуулар сыяктуу тобокелчилиги жогору турган кызматкерлер акы төлөнө турчу эс алууга чыксын” деп буйрук чыгарган.Эми бул буйрук жокко чыгарылып, министрликтин маалымат кызматы карантинден улам иштебей жаткан медиктерге маяна төлөбөй тургандыгын жар салды. Кандайча? Карантиндеги дарыгерлер айлык маянасын албай калабы? Буйруктун жокко чыгуусуна эмне себеп болду? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жооп издеп, маселенин чоо-жайын териштирүүгө аракет кылды.

Буйрук тууралуу

Негизи министрликтин №235 буйругуна ылайык, акы төлөнүүчү эс алууга жашы 65тен өткөн кызматкерлер, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар жана өнөкөт оорусу бар дарыгерлер кетмек. Бирок көпчүлүк оорукана жана бейтапканалар бул критерийге кирбеген кызматкерлерин деле өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими жана бир катар шаар, райондордогу өзгөчө абал режиминен улам карантинге кетирген. Жетекчилер аларга “айлык акыңар сакталат” деп айткан.

Тагдыр чечкен 5000 сом

Бул маселе боюнча медиктер менен байланышууга аракет кылдык. Көбү бул маалыматты бири-биринен угуп, айлык чыкпай калабы деп сарсанаа болуп жатышыптыр. Калаадагы бейтапканалардын биринде иштеген медайым карантинден улам эс алууга бир топ медик чыгып кеткенин, кесиптештеринин көбүнүн мойнунда насыя бар экенин айтты. Ал аты-жөнүн жарыялабай эле коюуну өтүндү.

“Өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде жетекчилик ар бир кызматкер менен сүйлөшүп, карантинге чыгарды. Эмгек өргүүсүнүн убактысы келип калгандар арыз жазып эмгек өргүүгө кетти. Башкалары болсо “өзгөчө абалга байланыштуу” деген себеп менен коё берилген. Мен дагы айлык акы сакталат дегенден улам эс алууга чыккам. Соцтармактан бул маалыматты угуп эмне кылышты билбей отуруп калдым. Насыям бар эле, аны төлөш керек”, — деди медайым.

Бишкек шаарындагы №19 бейтапканада иштеген, аты-жөнүн атабаган медайым жетекчилиги кызматкерлерине эч нерсе деп түшүндүрбөй эле карантинге чыгарып жибергенин айтты.

“Бизге эч кандай жыйналыш өткөрбөй туруп эле жетекчилик таратып жиберген. Башкысы айлык акыңар сакталат деген. Антсе да анда-санда нөөмөткө туруп иштей берсек деп ойлогонбуз. Бирок бейтапканада саналуу эле дарыгер калып, калганы бүт карантинге жиберилди. Маянабыз 5000ден 7000ге чейин болсо да ар бирибиздин насыябыз бар. Айлык толук берилбейби же иштөө коэффициенти эле кармалабы, азыр белгисиз. Буга чейин кесиптештер иштөө коэффициенти кармалат экен деп жатышкан. Эгер маянабыз берилбей турган болсо, жетекчиликке чогулуп кирели деп кесиптештер менен сүйлөшүп жатабыз. Биз эле эмес канча дарыгер карантинге кеткен. Анын баары айлыксыз калса эмне болот?”, — деди медик.

Канча дарыгер карантинде экени белгисиз

№235 буйруктун негизинде канча медициналык кызматкер карантинге чыкканы белгисиз. Алардын так саны боюнча маалымат Саламаттык сактоо министрлигинде да, анын алдындагы электрондук саламаттык сактоо борборунда да жок болуп чыкты.

Буйрук эмнеге жокко чыгарылды?

Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Жумакеев эмне себептен буйрук жокко чыгарылганын түшүндүрүп берди.

“Башында “жумушка чыкпагандарга акча төлөнүп берилсин” деген токтомду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте өкмөткө жазып жибергенбиз. Бирок ал токтом токтотулган. Мындан улам аралыктан иштеп жаткандар бизге тынбай чала башташты. Буга байланыштуу Эмгек кодексинин 172-беренесиндеги “бош туруп калуу” деген нормага таянып буйрук чыгарганбыз. Бирок ал норманын ичинде эпидемиологиялык кырдаал тууралуу сөз жок. Буйрукту көргөндөн кийин өкмөт мыйзамга туура келбей калат деген корутунду чыгарды. Ошондон улам буйрукту жокко чыгарууга туура келди. Баарын кайра карап чыгып туруп Эмгек кодексинин 170-беренесине таянып жаңы токтом жаздык. Бул беренеде “жумуш берүүчүнүн дагы, жумушчунун да күнөөсү жок” деп жазылган. Кайра жазылган токтом өкмөткө жөнөтүлдү”, — деди Жумакеев.

Юрист өзгөчө абал режиминен улам тобокелчилик тобуна кирген дарыгерлердин жана обочолонууга кеткен медиктердин айлык акысы берилерин, бир ставканын кепилденген айлыгы төлөнөрүн кошумчалады.

“Өз арызы менен эмгек өргүүгө чыккандардыкы төлөнбөйт. Ал эми иштөө коэффициенти (КТУ) маселесин ар бир мекеменин комиссиясы чечет”, — деди юрист.Айрым медиктер “жетекчилик бул айда маяна аз чыгат деп эскерткенин” да айтышты. Sputnik Кыргызстан агенттиги дарыгерлердин айлык маянасы боюнча маселеге көз салып турат.

Баса, бул көйгөй бир гана медиктерди тынчсыздандырып жатканы кызык. Анткени буга чейин өзгөчө абал режиминен улам бир катар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери да аралыктан иштөөгө, эс алууга кетишкен. Бирок алардын айлыктары толук эле берилери айтылды. Аралыктан иштеп жаткан ЖК депутаттары деле маянасын толук алары белгиленген.

Булак: Спутник