Домой Коом Бейжинге жазган салам кат

Бейжинге жазган салам кат

40

Акыркы учурда Кытай тууралуу сөз болгондо, көбүнесе экономикалык өсүш, ар түрлүү
товарлардын арбын өндүрүлүшү жана “алардын баардык жакка каптап келе жатканы”
тууралуу ойлор гана келет. Ал ортодо, биздин коңшу жалаң эле тиричилик тууралуу кам көрбөстөн, маданий чөйрөнү өнүктүрүүдө да абдан чоң жетишкендиктерге ээ. Өлкөнүн борбор шаары Бейжин болсо дүйнөлүк маданияттын жана искусствонун ири очогуна айланды. Бул тууралуу Бишкектеги “Таланттар мектеби” музыкалык балдар окуу жайынын негиздөөчүсү, белгилүү скрипач, учурунда “Даткайым” скрипачтар ансамблинин көркөм жетекчиси болгон Чынар Абдрахманова менен маек курдук.

—Чынар эже, эмне максат менен Бейжинге барып калдыңар?

—Биздин мектепке сапаттуу аспаптар, алардын тетиктери керек жана аларды чет өлкөлөрдөн гана ала алабыз. Көп учурда Москванын дүкөндөрүнөн ноталык материал, биз менен иштешип, уламдан бизге келип туруучу европалык музыкалык мектептердин мугалимдери аркылуу аспаптарды алдырабыз. Интернет аркылуу заказ кылса болот, анысы тез эле жеткирилет. Бирок биздин иште кылдаттык керек жана өз колуң менен кармап, өзүң көргөнүӊ жакшы. Андан улам музыкалык “рыногун” кыдырып көрөлү деп, барып калдык. Кытайдын өзүндө абдан сапаттуу
нерселерди тапса болот, маселе баасында гана. Дагы бир максат – ал жактагы бизге окшогон окуу жайлар менен, мугалимдер менен байланыш түзөлү деген ой болчу.

—Сапарыңар ийгиликтүү болдубу?

—Негизинен айтканда, жакшы эле. Бир өнөктөштөрдү таап, алар бизге тийиштүү окуу жайлар менен байланыш түзүп, аспаптарды таап берүүгө убада кылышты. Бирок бул иш жаңыдан эле башталып келе жатат, жыйынтыгын кийинчерээк көрөбүз го.

—Бейжиндин маданий турмушу сизге кандай таасир калтырды?

—Албетте, Бейжинге конок болуп барган адам эң алгач Улуу Кытай сепилин, калаанын ортосунда жайгашкан Императордун шаарын, аны дагы “Тыюу салынган шаар” деп коюшат го, “Запретный город” дегенди туура которсом, жана башка тарыхый эстеликтерди көрүшү керек. Бирок мага эң катуу таасир калтырган нерсе – бул жаңы курулган Опера театры болду! Мындай театрды мен өмүрүмдө көргөн эмес элем! Сыртынан караганда ал жерге асмандан түшкөн тамчыдай болуп, тышкы дубалы айнек менен көтөрүлгөн. Шардын жарымы түрүндөгү имараттын айланасын суу
курчайт. Анын толук аты “Аткаруу искусствосунун улуттук борбору”.

—Эмнеси менен өзгөчөлөнөт экен бул театр?

—Ичинде үч зал – бирөө концерттик, экинчиси – театрдык, үчүнчүсү, эң чоңу – опералык. Афишаларды караганда искусствону сүйүүчүнүн тим эле шилекейи агат – күн сайын Бейжинге дүйнөдөгү мен деген музыкант, оркестр жана театралдык жамааттар келип турушат экен. Биз барган кезде бир нече мыкты концерттерди , спектаклдерди көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Эң алгач, дүйнөгө атагы чыккан кларнет чебери Мартин Фросттун концертинде болдук. Андан соң, Моцарттын “Фигаронун үйлөнүшү” атактуу операсына кирип, анда башкы партияларды Миландын
“Ла Скала” театрынын ырчылары жана Кытайдын опера “жылдыздары” аткарышты. Людвиг Минкустун “Дон Кихот” балети болсо – бул дүйнөлүк искусствонун “бермети”. Сахнада аны Санкт- Петербургдун Мариин театрынын бийчилери бийлеп жатышса-чыныгы искусствонун сүйүүчүлөрүнө андан өткөн ырахат жок! Эми элестетип койгула – күн алыс ушундай “дүйнөлүк шедервлерди” көрүп жаткан музыкант, педагогдордун адистик жагынан өнүгүүсү кандай деңгээлде болот?!

—Классикалык искусствонун сүйүүчүлөрү, баалоочулары көп деңиз?

—Байкап көрсөк билеттердин баасы кыйла жогору экен. Бирок, кайсыл күнү болбосун, залдарда бош орун көргөн жокпуз. Угуучу-көрүүчүлөрдүн баардыгы жөн эле “кадыр-барк, аброй” үчүн  келген эмес, искусствону терең түшүнгөн, баалай билген адамдар экени сезилип турду. Булардын тарбиясын, угуу маданиятын да белгилеп өтүү керек, музыка угуунун, спектаклдерди көрүүнүн өзүнчө бир эрежелери, кай жерде кол чабыш, кай жерде жөн отурушу керектигинин ирээти бар.
Ошонун баардыгы толугу менен аткарылып, кандайдыр бир ары-берүү басуу, өз ара бакылдаша калуу, телефон менен сүйлөшүү же сахнаны видеого же сүрөткө тартуу жок.

—Негизи, катуу өнүгүп жаткан өлкөдө маданият дагы катуу өнүгүшү керек да. Мында таңкалыштуу деле эч нерсе жокко?

—Бир чети туура, бир чети классикалык искусствону өнүктүрүү оңой болбойт.Бөтөнчө өткөөл мезгилди башынан кечирген мамлекеттерде. Биринчиден, ага кызыккан, баалаган, баалай билген чөйрө тарбияланышы керек. Ошол чөйрө классикалык искусствону көтөрмөлөп, өнүктүрүп турат. Албетте, мамлекеттин да колдоосу керек, бирок бүткүл дүйнөдө “классика” – демөөрчүлөрдүн эсебинен жан багып келет. Демөөрчүлөр үчүн ошол чөйрөнүн баасы, урматы абдан кымбат жана
маанилүү. Бир мисал келтирейин, былтыр биздин мектеп атактуу скрипач Максим Венгеровду чакырып, ал Бишкекте концерт берүүгө макул болгон. Башка мамлекетте болсо, демөөрчүлөр мындай мүмкүндүктү баса калып, “мен болом” – деп далбасташып, музыка сүйүүчүлөр билеттер кандай баада болбосун сатып алышмак. Бизде болсо Венгеровдун концерти эч кимди деле кызыктырган жок жана биз демөөрчү бол деп кайрылган бай адамдар: “Бул өзү ким?” – деп күйгүзүштү. Ал ортодо концерт болот деген филармонияда, андан соң опера жана балет театрында ШКУ саммитине карата ремонт болот деп, концерт болбой калды.

—Экинчиден?

—Орусча айтканда “Школа” – аспапта ойногонду туура үйрөтүү. Бул иш жаштайынан башталып, башында окутуу туура жүрбөсө, бир деңгээлге чейин окуучу табигый таланты менен ойноп келип, андан соң үйрөтүлүшүнүн өксүктөрү көрүнө баштайт. Ошондо ал аспапты таштап, же бир эптеген музыкант болуп калышы мүмкүн. Андан улам, кыйын педагогдор келмейин, классикалык искусствону көтөрүү абдан кыйын. Учурда эң жогорку деңгээлдеги дүйнөлүк конкурстардын жеңүүчүлөрүнүн арасында кытайлык музыканттар абдан көп. Бул аларда жакшы окутуу ыкмалары
колдонулуп, окуу туура нукта жүрүп жатканын билдирет. Мисалы, Бишкектеги стадионго “Барселона” же “Ливерпуль” келип ойносо биздин футболисттер үчүн кандай жаңылык болот? Эсибизде го, Австралиянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келгенде күйөрмандар стадионду ордунан көтөрүп кете жаздаганы! Ошондой эле, атактуу музыканттардын келиши уламдан улам классикалык искусствонун деңгээлин көтөрүп турат. Менимче, бул жактан да Кытай
дүйнөдө алдыңкы орундарга чыгып бара жатат.

—Футболго катуу кызыгасыз го?!

—Жок, мен аны түшүнбөйм деле, бирок жолдошум катуу күйөрман. Күйгөн командасы утуп же уттуруп жиберсе, кубанычын мени менен бөлүшүп, черин жазат. Ошондон улам, дүйнөлүк футболдо эмне болуп жатканынан кабардар болом. Мен айткан командалар кыйын экенин ошондон билем (күлүп).

—Эми, коңшу өлкөдө классикалык искусстводо катуу өсүш болуп жатса, биз андан кандай пайда табышыбыз мүмкүн? Учурда Кытайга карата биздин калктын арасында абдан терс маанай орун алып турганын эске алсак.

—Менин айтканым кээ бирлерге жакпай калышы мүмкүн, бирок эстесек, биздин мамлекет учурунда Кытайдын эсебинен жан багып, көтөрүлдү. Жээрисек да, Кытайдын арзан товарларынын эсебинен тиричилик кылып келдик. Мен саясаттан алыс, аны менен деле ишим жок адаммын, бирок музыка чөйрөсүн алганда Кытай менен тыгыз байланышта болуп, кызматташууну өнүктүрүү керек деген ишенимдемин. Бул өлкөдө классикалык искусство, классикалык маданият абдан катуу
көтөрүлүп жана дүйнөдөгү алдыӊкы катарга чыгып келе жатат десем жаңылышпайм. Ошол эле, Опера театры – Аткаруу искусствосунун Улуттук борборун барып көрүп келсеңиз эле, мен айтып жаткан нерсени түшүнмөксүз!

Марат ӨМҮРБЕКОВ

Булак: Багыт