Домой Коом Алимент маселесинде парламенттик угуу өтөт

Алимент маселесинде парламенттик угуу өтөт

9

Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салчу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттик угууга чыгарылат. Иш-чара 20-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде болот.

Мыйзамды 19 аял депутат демилге кылышкан. Парламенттик угууда алардын атынан Айсулуу Мамашева баяндама жасайт.

2017-жылы Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 42 миң адамга жеткен. Алардын 92% аталар. Депутаттар эң аз алименттин көлөмүн 1800 сом кылуу сунушташууда. Маалыматка караганда, учурда айына 200-300 сомдон алимент төлөгөндөр бар.

Буга чейин Жогорку Кеңештин аталган комитетиндеги талкууда жыл сайын ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңдей болуп жатканы белгиленген.

Кыргызстанда 1990-жылкы “Алимент жөнүндө” мыйзам иштеп келатат.

Булак: Азаттык