Домой Саясат Исхак Масалиев: “Дастан Жумабековдун спикер болууга билим жетпей жатат”

Исхак Масалиев: “Дастан Жумабековдун спикер болууга билим жетпей жатат”

2
Исхак Абсаматович, өткөн жумада сиз спикерди кызматтан кетирүү боюнча сунуш айттыңыз эле. Ал демилгеңиз коллегаларыңыз тараптан колдоо таптыбы?

-Ар бир депутаттын жеке пикири болот. Азыркы иштеп жаткан спикердин ишмердүүлүгү бирөөнү канааттандырса, бирөөнү ка-нааттандырбайт. Мен өз сунушумду айтып жатам, ал сунуш али фракциядан чыга элек. «Эртең эле «Өнгүгүү-Прогресс» аны толук колдойт» деп айткандан алысмын. Бир топ депутаттар «эмне кереги бар» деп атышат. Алардын корккону «биз бул кишини алмаштыра турган болсок, анын ордуна ким болот?» деген маселе турат. Мен принципиалдуу айтып жатам, акыркы жылдары Жогорку Кеңештин аброюна аябай шек келтирип жатышат баары эле. Бул жалгыз эле спикерге тийешелүү кемчилик эмес. Айрым депутаттардын да туура эмес сүйлөгөнү, коомчулуктун арасында өзүн туура эмес алып жүргөнү жаман таасир калтырууда.
Ошон үчүн биз тазалоо процессии башташыбыз керек. Ал ишке ашабы-ашпайбы, айта албайм.Дастан Жумабеков адам катары жакшы, кичипейил бала. Бирок, билими жетишпей жатат спикерлик кызматка. Айрым учурда биз өкмөттү сындап атсак, спикердин алып барганы, адвокат сыяктуу болуп «келгиле, колдоп берели» дегени мага жакпайт.

– Бирок, спикердин ушундай ийкемдүү, илбериңки болгону бийликтин башка бутактары менен иштешкенге жакшы эмеспи?

-Конституция боюнча бүгүн Жогорку Кеңеш эң бийик орган,ал күчтүү болушу керек да. Президент менен тең иштеп, бири-бирине тең салмакта болууга тийиш. Табияты ошондой.

-Учурунда аябай «азуулуу» спикер шайланып, президентке тил кайрыган учурлар деле болгон. Бирок, көрдүк го, анын акыры эмне болуп бүткөнүн…

– Зато парламентаризм калды да. Эгерде биз ушул жол менен барсак, парламентаризмди күчөтүшүбүз керек. «Жок, парламентаризм жакпайт» десек, анда баш тартуу керек элди алдабай. Анда күчтүү президент, күчтүү өкмөт кылышыбыз кажет.

Демек, спикерди алмаштыруу боюнча маселе күн тартибинен алына элекпи?-Жок. Биринчиден, фракция карашы керек. Алдын ала талкуу жүргүзгөнбүз. Бирок, расмий түрдө карала элек.

Булак: Азия Ньюс