Домой Саясат “Франкфурт жана Маяне”. Дастан Жумабековдун бул жаңылуусу аны спикерликтен кетиреби?

“Франкфурт жана Маяне”. Дастан Жумабековдун бул жаңылуусу аны спикерликтен кетиреби?

3

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев спикер парламентти уят кылып жатат деген ойдо.

“Жаңы жыл алдында коомчулук жана ар бир адам жаңыланууну каалайт. Жакшы окуяларды, жашоонун жакшырышын. Жогорку Кеңеш дагы коомчулук. Биздин кандай иштеп жатканыбызга эл тараза. Бирок, өтө сындап жатышканы – факт. Көбүнчө татыктуу”, -дейт эл өкүлү.

Ошондой эле ал “өлкөнүн жогорку мамлекеттик органынын имиджи жетекчисинен көз каранды. Бул учурда төрагадан. Азыркы төрага Дастан Жумабеков бул кызматка даяр эмес болуп чыкты. Ал жаш, үйрөнүп кетсе болот. Мен фракцияга аны кызматынан чакыртып алуу боюнча сунуш киргиздим, азыр талкууланып жатат. Колдоо табат деп үмүт кылам. Ушундай кадамга барышыбыз зарыл”, -деген депутат бул маселе ушул жумада каралаарын билдирди.

Эске салсак, 2017-жылы төрагалыктан кеткен Асылбек Жээнбековдун ордуна келген Дастан Жумабеков коомчулук тарабынан көп сындарга кабылып келет. Эң акыркы эле мисалга келсек, ал баракты окуп жатып Франкфурт-на-Майне шаарын Франкфурт жана Маяне деп окуп кеткен.

Булак: Барс.медиа