Домой Саясат Стамалиева: ЖМКларга коюлган доо өлкөнүн беделине шек келтирет

Стамалиева: ЖМКларга коюлган доо өлкөнүн беделине шек келтирет

2

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Матраимовдордун үй-бүлөсү маалымат каражаттарын сотко бергени боюнча билдирүү таратып, «бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз» деп белгиледи.

Стамалиеванын мындай билдирүүсү 13-декабрда президенттин расмий сайтына жарыяланды. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин жана күчтүү жарандык коомдун болушун колдоору айтылат.

«Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн ичиндеги жана чет элдик ЖМКлардагы маектеринде да баса белгилеп келет. Президент дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт», деп айтылат билдирүүдө.

Ал президент азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым көрсөтүү аракети катары кабыл алынышы мүмкүн экенин, бардык соттук териштирүү – анын ичинде медиага карата да – укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек экенин билдирди.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

  • Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынынмурдагы орун басары;
  • Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
  • Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
  • «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

  • «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчилик тууралуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Бир катар медиа уюмдар үч басылманы жана кабарчыны сотко берүүнү, алардын банк эсептерин дароо камакка коюуну сөз эркиндигине каршы чабуул катары баалап жатышат. Матраимовдор бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Булак: Азаттык