Домой Саясат Молдокматов: Матраимовдордун арызы шамалдай тездик менен каралганы мыйзамсыз

Молдокматов: Матраимовдордун арызы шамалдай тездик менен каралганы мыйзамсыз

80

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов үч маалымат каражатынын банктык эсептерин камакка коюу боюнча сот чечими одоно мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтты.

Ал доо арызды караган судья материалдар менен толук тааныша элек жатып шашылыш чечим чыгарганын кошумчалады. Молдакматов «ушундан улам бул чечимди чыгарган соттун кызматтык жоопкерчилигин караш керек» деген айрым депутаттардын пикирин колдой турганын билдирди.

– Сот президент, мамлекеттик кызматкер же жөнөкөй жаранбы – баарына бейтарап, калыс карашы керек, – деди ал. – Ал эми Матраимовдордун бир арызынын негизинде биринчи отурумда, материалдар менен таанышуу учурунда эле шамалдай тездик менен дароо чечим чыгарганы мыйзам бузууга жатат. Бир чечим менен ЖМКлардын банктык эсептерин дароо камакка коюу да мыйзамсыз.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты. Ал эми арыз ээлери азырынча комментарий бере элек.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

Булак: Азаттык