Домой Саясат Сары түс – кооптуулуктун белгисиби?

Сары түс – кооптуулуктун белгисиби?

15

Жергебизде ар кандай кооптуу “булактар” агылганына мээси жайындагылар тынчсызданып жатканы ырас. Ал эми менин үйүм чет жакта дегендер болсо өз оокаты менен алек. Ошентсе да аң-сезими жайындагы адамдар акыркы күндөрдө жүз берген окуяларды көз алдынан өткөрүп, көкүрөгү түрс этип алганы бар. Албетте, башынан төңкөрүштөрдү кечирген кыргызстандыктарга ириде өлкөнүн, элдин тынчтыгы зарыл. Антпесе түркүн зээнди кейиткен кесепеттерге дуушар болот экенбиз.

Ыңкылаптардын башында жүргөн Роза Отунбаеванын башындагы сары шляпанын чоо-жайын саясаттын алчы-таасын билип калган Ишенгүл Болжурова түшүндүрүп өттү бир теле каналда. Сары түс жөн жерден пайда болбостугун фактылардын негизинде чечмелеп берди. Акыйкатта эле көргөзмө музейдеги “крутой” көрүнүштөрдөн мурда сары түстөгү ленталарды байланган “азаматтар” да аянтка чыгып, өз мүдөөлөрүн билдирип, анан тарап кетишкен. Негедир буларга күч түзүмдөрү тараптан көз жумулганы өзүнчө талкуулай турган маселе экенин бооолголодук. Эмнеси болсо да арабызда жоортуп жүргөн айрым “элементтер” мамлекеттин стабилдүүлүгүнө бүлүк салууга чакырылганын неге билмексен болобуз? Айтор, сары түстү “аздектеп” билмексен болуп жүргөндөрдөн абайлабасак, бейпил өтүп жаткан турмушубузга залал келиши ыктымал…

Булак: Ачык сөз