Домой Коом Россияда каза болгон баткендик журналист Мырза Добутов айылында жерге берилет

Россияда каза болгон баткендик журналист Мырза Добутов айылында жерге берилет

8

7-декабрда Россиянын Смоленск облусундагы унаа кырсыктан каза болгон баткендик журналист Мырза Добутовбүгүн, 11-декабрда жерге берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жакындары билдиришти.

Бүгүн Баткен облустук телеканалынын эмгек жамааты Мырза Добутовду эскеришти. Ал 1970-жылы Баткен шаарынын Булак-Башы айылында туулган. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. 1980-1990-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин алгачкы эмгек жолун 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында режиссердун ассистенти, телеоператор болуудан баштаган. 2006-2007-жылдары Баткен облустук телеканалынын директору болуп иштеген. Аймактык телеканалдын техникалык жана мазмундук сапатын көтөрүүгө кошкон салымы чоң.

Мырза Добутовдун атасы Коңурбай Добутов да мекен үчүн күйүп иштеген инсан болгон. Ал көп жылдар бою «Москва» коллективдүү чарбасынын экономикалык абалын оңдоого салымын кошкон. Учурда аксакал иштеп кеткен Бужум айыл аймагынын бир көчөсүнө Коңурбай Добутовдун ысымы ыйгарылган.

Булак: Турмуш