Домой Саясат Бакиевчилер парламенттик шайлоого активдеше баштады

Бакиевчилер парламенттик шайлоого активдеше баштады

13

Өлкөдө саясый келишпестиктерге жол чабылып, ЖЭБ, Батукаевдин сотуна алаксып атканда, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишмердиги талаш жараткан чакта, ыңгайдан пайдаланып кетүү үчүн Курманбек Бакиевдин жакындары “ойгонушууда”. Алар бийлик партияларына өз адамдардай кирүүгө дит коюшуп, каражаттын күчү аркылуу баш көтөрүшүүдө.

Баса, аз күн мурда ЖК депутаттары Калдарбек Баймуратов, Данияр Төлөнов жана Улукбек Ормоновдун Минскиге барганы, акча сурашканы боюнча соцтармактарга жазылганын кандайча түшүнөбүз?

Мындай кабарга өздөрү “ак” же “көк” деп да жооп беришкен эмес. Булардан сырткары бакиевчилер жакын адамдарын каржылап, келаткан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыштырууга кызыкдар болуп атканы тар чөйрөдө кызуу кепке айланды. Алар өз адамдарын мыйзам чыгаруу бийлигине жеткизип алышса, анан акталууга, Кыргызстанга келүүгө жол ачышабы?

Андыктан, бу саам кан төгүп кеткен экс-президенттин тарапташтарына катуу каршылык көрсөтүү маанилүү да…

Булак: Aryba.kg