Домой Саясат 61 жаш — каргашалуу жашпы?

61 жаш — каргашалуу жашпы?

34

“Кыргызстандын туңгуч презитенти Аскар Акаев 1944-жылы төрөлгөн. Ал бийик даражалуу кызматын пайдаланып конституцияны жайлоого көчкөн аялга окшоп каалаганындай “өңөргөн”, ордун эч кимге бергиси келбей 15 жыл креслого бекем жабышып “көгөргөн”. Бирок, анын кемесин жоогазын революциясы 2005-жылы 61 жашында Ак үй “океанынан” чөгөргөн.

Андан кийин бийликти өткөрүп албаса да колдон, манту жеп олтурган жеринен президент болгон, бирок беш жыл ичинде 15 жыл иштеген Акайыпча тойгон, аянтта өзүбек бийин тим эле “эзип” койгон Курманбек Бакиев 1949-жылы туулган. 2010-жылы 61 жашында Ак үйдөн куулган.

Эл эмес — убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан шайланган, алардын көрсөтмөсү боюнча өтө аз гана убакытка өлкө башчылыгына айланган, кийин өзү колдогон мураскеринин тили менен “самозванка” деп “жайланган” Роза Отунбаева 1950-жылы жарык дүйнөгө келген. 2011-жылы 61 жашында кызматын тапшырып берген.

Ошентип, президенттик постко чапталып туруп албоо салтка айланды. Апичебизден соң 1956-жылкы Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланды… татыктуу адам жок деп айтылып мындан башка. 2017-жылы бийликтен кеткен ал дагы чыккан кезинде 61 жашка.

Алмазбек Шаршеновичтин колунан бийликти өткөрүп алган, коррупцияга шектүүлөрдүн бир тобун камап салган Сооронбай Жээнбеков жаңы эле 61 жашка толду. Демек, анын дагы кетээр маалы болду…”

Ошентип, куудулдар айткан “бок-сакта” учурдагы президентти да кетсин деген “намек” турбайбы. Ийе, айланайындар, баарын эле кетсин дей берсек кудайым бизди чындап урбайбы. Эмне, 61 жаш — кыргыз президенттери үчүн каргашалуу жашпы? Ушуну ойлогондо, таш аралаштыра чайнап алгандай болобуз ашты.

Биздин каалаганыбыз, самаганыбыз, Соронбай Шарипович мурункулар салып кеткен “чыйырды” бузуп, эбегейсиз байлыктарды коррупционерлердин чөнтөгүнөн сузуп, жалаң таза иштегендерден элита түзүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн досунан гана эмес — андан да жакын адамдарынан мамилесин үзүп, кресло кемеси менен 65 жашка чейин жетсе экен Ак үй “океанында” талбай сүзүп, келечекте айтылып президенттерден эң түзүк. Ылайым, ошондой болсун! Кыргызстаныбыз оңолсун! Ошон үчүн дуа кылып койолу. Жөн эле “кетсин” деп көнгөн жаман пейлибизди жойолу.

Улам президентти кууй бергенден мародерлор эле пайда көрбөсө, эл дагы, мамлекет дагы зыян тартаарын түшүнүп деле бүткөндөй болдук го! Тонолгон байлыктарыбызды толтура албай “Карызстан” атка кондук го!

Баса, президенттерди бөлүп элден, кимдер жаман көрсөтүп келген? Албетте, бөрк ал десе баш алган, маалыматтарды ташып турган жалган, бардык бийликтин тең койнуна киргенге жөндөмдүү болуп калган, ишенимге кирген соң тымызын чалмакей чалган, акча жегенге “балбан” кызматкерлери десек жаңылышпайбыз. Мурунку президенттердин деле жакшы идеялары бар болчу. Айрыкча, Аскар Акаевдин Кыргызстанды Швейцарияга айлантууга тилеги аябай эле зор болчу. Бирок, Акайычтын айланасындагы жойпуланган, тим эле денесин саткан немедей “сойкуланган” кызматкерлери мамлекетти эмес эле өздөрүнүн жеке турмушун “Швейцария” кылып салышты, үй бүлөлөрү менен жомоктогудай жыргап-куунап жатып калышты.

Айтор, ар бир президенттин 61 жашында кетишин каалабай, ал кетсе эле мамлекет оңолот деген ишенимге берилбейли жаш баладай. Андан көрө кой терисин жамынган, улам келген президентке жагынган, колдору байлыкка малынган “карышкырлар” кетсин, өлкө тагдырын акылмандар гана чечсин, элита тазалансын, каныбызды митедей соргондор жазалансын, алар ошол бойдон жоголсун, мамлекет оңолсун деп тилек кылып көрөлүчү! Кандай дейсиңер? Кана эмесе, оомийин!

Жакшы тилек — жарым ырыс! Болуп калаар эми алга жылыш.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ.

Булак: “Ачык сөз”