Домой Коом Зарыл КАСМАЛИЕВ, журналист: «ТАБЫЛДЫНЫН ТАЛАНТЫ АЧЫЛБАЙ КЕТТИ»

Зарыл КАСМАЛИЕВ, журналист: «ТАБЫЛДЫНЫН ТАЛАНТЫ АЧЫЛБАЙ КЕТТИ»

65

Караколдун бир бурчунда өзүнүн зор таланты көпчүлүккө чыкпай, көмүскөдөкалып калган Зарыл Касмалиев агамөз убагында Табылды Муканов,Тургунбай Эргешов, Алым Токтомушев сыяктуу таланттар менен жолдош болуп жүргөн экен. Зарыл абанын ырларына суктанып, анан ошол талантына өзү баа бербей койгонуна бир чети таң калсам, бир чети ачуум келет, бир чети уялам. Анткени, кай бир адамдар тамтаңдаган саптарды жазып,«акынмын» деп талбай айтып жүргөнүн көрүп, эмне дейриңди билбейсиң. Бир чети ошол деле жакшы экен деп ойлоп коем. Болбосо, Кудай кош колдоп берип койгон талантын досторунун чыгармаларына суктануу менен токтотуп койгон адамды көрдүңүздөр беле? Мындай көк беттик менен чечкиндүүлүктүн кимге кереги бар эле дейм да.

Ошентип, бул жолу Зарыл аба менен өзү жөнүндө эмес, анын жаш кездеги, жалындап ыр жазып турган убактагы досунун бири Табылды Муканов тууралу сүйлөшүүнү чечтик.

 -Зарыл аба,жаш кезде төбөсү көрүнгөн бир топ жаш акындар менен дос болгон экенсиз. Ошол учур жөнүндө айтып бериңизчи.

-Ошол кезде ал мезгилдер кимдир бирөөлөр үчүн кызык болот деп ойлобосок керек. Ал 1965-70-жылдар эле. Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов, Алым Токтомушев, Турдубек Ишебаев, Беганас Сартов жалындап турган учур болчу. Баарыбыз бир куракта элек. Алдыбыз 19 жашта, аркабыз 17де. Жогорудагы досторумдун көбүнүн көзүөтүп кетти. Азыр Турдубек экөөбүз калыптырбыз. Бары эле жарыкчылык менен эрте коштошту.  Өкүнүчтүү. Көп жылдар өткөндөн кийин Алым жазгандай, «Кудайдын тизмесинин катасы бар» окшойт…

Табылды Муканов менен көлдүк катары узагырак бирге жүрүп калдым. Эстеп олтурсам, 1965-жылдын февраль айы экен. Окуудан жолум болбой, «Ленинчил жаш» газетасында корректор болуп иштеп жүргөм. Жумушум басмаканада болгон менен, редакцияга көп барчумун. Бир жолу редакциядан залга чыксам, кара бушлат кийген өзүм курдуу толмоч жигит ары-бери басып туруптур. Жылдызыбыз келише түшүп саламдаштык. Ал ошол учурда гезиттерге бирин-серин ырлары чыгып жүргөн Табылды Муканов экен. Мектепте окуп жүргөнүмдө мен анын «Топ карагай» деген ырын «Жаш ленинчил» журналынан окуп, ал авторду көңүлүмө түйүп калгам. «Топ карагай, топ баладай» деген саптары эсимден чыкпай калып калган.

-Окууга өтпөй пожарник болуп иштеп жүргөм. Кызыл Аскерде оорулуу эжемдин үйүндө турам. Сен өзүңчү?-деди Табылды.

-Мен да окууга өтпөй калгам, корректормун. Свердлов көчөсүндө бир орус абышканын жаман бөлмөсүндө жашайм,-деп өзүм жөнүндө айттым. Ошону менен Табылды редакцияга алып келген ырын таштап, кайра эки-үч күндөн кийин глав.почтадан жолукмай болдук.

Жолуктук. Дзержин (Эркиндик) бульвары менен жогору басып «Фонтан» деген буфеттен пиво ичтик. (Пиво, винону эрте баштап алыппыз) сүйлөшүп көпкө олтурдук. Табылды ата-энесиз жетим өсүптүр. Ак-Суудагы Боз-Учук, Энчилеш деген айылдарда туугандарынын колунда жүрүп окуптур. Мен деле атаман өтө эрте айрылганымды, айылыбызда орто мектеп жок, интернатта окуганымды кеп салдым.

-Ай.Зарыл,-деди бир маалда Табылды,-Сен мени менен бир айча бирге тур. Кечээтен бери Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбаевдин үйүндөмүн. Ал таякелерим болот. Ой-Тал деген айылдан. Аялы экөө Тамгага эс алганы кетишти. Үйүнөөздөрү келгиче мени киргизип коюшту.

Ошентип, бир айча болсо да, чоогу турмай болдук. Калыйнур абанын үйү Дзержинский бульварындагы Өкмөт адамдары турган сары чоң имараттын биринчиси экен. Ошол үйдөн өмүрүмдө биринчи жолу ваннаны, жалтыраган темир унитазды,ысык суу чыга турган чоргону көрдүм.

-Ал кезде сиз да ыр жазчусуз да?

-Ооба. Ыр жазуу менен ооруп турган кез. Табылды бир күнү иштеп, бир күнү бош. Мен да жумушка жумасына үч күн иштейм. Чоңүйдө экөөбүз «спальный» деген кроватка узун-туурабыздан түшүп ыр жазабыз. Табылды мага караганда тезирээк жазчу. Эки-үч күндө эле  калың дептердин бир топ барагына шилтеп салаар эле. Жазганын да аз оңдочу. Жазып, көңүлү жайланганда кыргызча которулуп чыккан Шандор Петефи деген акындын ыр китебин окуй баштайт. Китепти көп окучу. Экөөбүз поэзия, адабият тууралуу сөзгө киргенде, кантип убакыт өткөнүн билбей калчубуз.

Ошентип, бир ай чогу жашадык. Ал үйгө кыздарды меймандап да үлгүрдүк. Оюбузда эч кандай жаман нерсе жок, винодон аз-аздан ичип, түнкүсаат 3кө чейин сүйлөшүп, ырдап олтурдук. Табылды, мен дагы ырларыбызды окуй берип, кыздарды тажаттык окшойт. Кыздар уктоочу бөлмөгө жатышкан. Эртең менен саат 6 ченде бизге билгизбей туруп кетишиптир. Столдо бир барак кагазга «Табылды, Зарыл, сыйыңарга ыракмат. Эс алгыла, ойготпойлу дедик» деп жазып кетишиптир. Кийин ошол кыздын бирине жолуктум. Биолог кесибин алып, бала-чакалуу болгон экен. Табылдынын каза болгонун айтсам, ыйлап, катуу кейиди.

Кийин да Табылды менен көп жолугушуп жүрдүк. Жолугушуу деп айтканга деле болбойт. Бирге жүрдүк десем туура болот го. 1965-жылдын август айы келип, университеттин филология факультетине экзамен тапшырдык. Экөөбүз конкурстан дагы өтпөй калдык. Ошондо университеттен өйдө асфальт жолдо экөөбүз катарлаш кайгылуу кетип баратып Табылдынын «Кош, университет!» деп артына бир кылчайып катуу үн салганы али эсимде турат.

Бирок, арадан үч-төрт күн өттүбү, Табылды мага жолугуп: «Ай, Зарыл, мен кандидат болдум»,-дебеспи. Көрсө, таякеси Калыйнур Үсөнбековго, ректор Салмоорбек Табышалиевге  чейин кирип, окууга кандидаттыкка өтүптүр. Сельхоз жумушка- пахтага барганда жакшы иштесе, студент кылабыз дептир. Ошентип, досум студент болуп калды. Мен мурдагы ишимди улантып, кез-кез ал жаткан 5-жатаканага барып турдум. Убакыт тез эле зымырык куштай өтүп, ал үйлөндү. Тез эле «Советтик Кыргызстан» газетасынын информация бөлүмүнө ишке орношту. Мен бир-эки жолу иштеген жерине да бардым. Бөлүм башчы Бектурсун Коробаев деген ак сакал экен. Ал үйлөнгөндөн кийин арабыз алыстап кетсе да, ынак жолдошчулугубуз мурдагыдай эле сакталып калды.

-Досуңуз окуусун бүтүп, үйлөнүп-жайланыптыр. Сизчи, сиз баягыдай эле корректор болуп жүрө бердиңизби? Табылды агайдын андан аркы жолу кандай болду?

-Окууга кийин заочно  өттүм. «Ленинчил жашта» корректор болуп жүрө бербей, эки-үч сапар Тоң райондук газетасында кабарчы болуп иштегенге да үлгүрдүм. Бирок, мага корректор болуп иштегендин көп пайдасы тийди. Ырларымды ай сайын болбосо да, үч-төрт айда бир жыйнап чыгарып алчумун. Ошонун өзү мага чоң жетишкендик, ачык айтсам, бакыт эле.

Ал кезде болгону үч-төрт газета, эки-үч журнал чыкчу. Буларга бир ыр чыгаруунун өзү абдан эле кыйынчылыкка турчу. Ошентип жүрүп, мен да үйлөндүм. 1971-жылы көлдө область уюшулуп, үй алып, оокат кылайын деп, жаңы чыга баштаган «Ысык-Көл правдасына» иштөөгө кеттим.

Кийин редакциянын жумушу менен Бишкекке барсам, Табылды «Мугалимдер газетасына» иштеп кетиптир. Кыш айы болчу. Экөөбүз бир кафеде винодон татып коюп, сүйлөшүп олтурдук. Табыкемдин тагдыры татаалданып кетиптир. Баягыдай ачык-айрымдык жок, муңайып тартып калыптыр. Эмнесин айтайын дегенсип, көп сүйлөбөйт. Биринчи аялы менен ажырашып, экинчи аялы менен жашап жатыптыр. Иши да жакшы жүрбөй жаткан экен. Же шаарда өзүнүн үйү жок, ичкиликти жакшы көрүп баратканы да сезилип турду.

«Кой, Табыке, көп капа болбо. Бардыгы ордуна келет. Чыгармачылыгыңды улант. Мен деле Караколдо жыргап жүргөн жерим жок. Ичкиликти көп иччү болдум. Экөөбүз тең эми ойлонолу»,-дедим. Сүйлөшүп олтуруп бир топ эле кеч кирип кетиптир. Экөөбүз акыркы автобуска олтуруп, шаардын үстү жагындагы анын үйүнө эптеп жетелешип жеттик. Бирөөнүн эки бөлмөсүндө турат экен. Аялы Тамара ичип барганыбызга капа болсо да, анысын билгизбей, жадырап-жайнап тосуп алды. Тамак-ашын алдыбызга койду. Түн ортосу оогончо дагы сүйлөшүп олтурдук. Сүйлөгөнүн мен сүйлөйм, Табылды мурдагысындай түнт.

-Мен Караколго барганы ырды өтө сейрек жазчу болдум, токтотком десем болот,-дедим Табылдыга.

-Ой, эмнеге?,-деди ал.

-Алым, Тургунбай үчөөңөрдөй жакшы жаза албайт экем…

-Ой, ата! Кой, антпе,-деди.

Ошону менен эртеси болду. Табылды менен коштошуп, Караколду көздөй бет алдым.

-Сиз Табылды агайдын чыгармачылыгы тууралуу айткан жоксуз го?

-Анын ырлары жөнүндө сынчы-адабиятчылар бир топ айтышты, жазышты. Өзгөчө, курсташы Даутов кыйла тереңдеп, иликтөө жүргүзүп чыкты. Менин бир белгилерим, Табылды Муканов эч кимге окшобогон өз үнү, өз подчерки бар эркин акын эле. Тирүү чагында «Шуру жоготкон кыз», «Кыты-кыты», «Каректеги жер» деген чакан жыйнактары, дагы бир китепчеси жарык көрдү. Кийин өмүрлүк жолдошу Тамара ырларын издеп, чогултуп «Жан дүйнө» деген аталыштагы көлөмдүү жыйнак чыгарды. Бул үчүн ага чексиз ыракмат. Табылдынын арбагы колдосун.

Чынында, мен Табылды менен болгон айрым жолугушууларды эле айттым. Ал жөнүндөайта берсе, сөз көп. Бир гана өкүнүчтүүсү-Табылдынын таланты мен күткөндөй ачылбай кетти. Ал дагы далай чыгармалырды жазат эле…

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА,

“Ысык-Көл кабарлары”