Домой Саясат Бакиевдин атын бергендерде абийир жок!

Бакиевдин атын бергендерде абийир жок!

16

Ноокен айыл аймагына караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине элин атып Белоруссияга кире качкан мурунку президент Курманбек Бакиевдин аты берилген экен. Ошондон соӊ коомчулук каршы болуп, көчөгө ат бергендердин айласы кетип калган. Эми айылдык кеӊештин төрагасы минтип турат: «ыйзам боюнча соттологон адамдын атын кайсы бир жерге берүү мүмкүн эмес экен. Биз аны эске албай калыптырбыз.» дейт. Мында келдесоо чалыш кепти айткан айылдык кеӊештин төрагасы дени-карды сообу?! Муну төрага кылып көчөдөн кармап келип эле коюп койгон го. Ошондой кызматта турган неме кантип эле соттологондун атын көчөгө бербө керек экендигин билбесин?! Келесоо чалыш болуп жатпайбы. А эгер чын эле келесоо болсо, анда тез арада кызматтан кетсин!
Биздин мамлекеттин чабалдыгы да, болбосо, ошол Бакиевди инилери менен байлап келип, түбөлүк камап салбайт беле! Азырынча Бакиевдер элден жеген акчаларын тебелеп-тепсеп шапар тээп жүрүшөт! А бул жерде калган кээ бир кара ниет тилектештери көчөгө атын берип жатат?! Бул деген ошол 2010-жылы апрелде курман болгондордун арбагын тебелеп-тепсөө эмеспи?!

Курманбек Бакиевдин атын берүүгө төмөндөгүлөр макул болгон:

1 Алимбеков Ырысбек Сайпидинович

2 Нышанов Кубанычбек Калдарбекович

3 Корчубаев Абытжан Тиллебаевич

4 Кулматов Жапар Камытович

5 Шералиева Венера Борубаевна

6 Султанмуратов Сардарбек Акматжанович

7 Базарбаев Кудайберди Абдималикович

8 Сулайманов Абдрахман Анаркулович

9 Сатарова Айчурек Митановна

10 Мамишов Жапарали

11 Ибраимов Таалайбек Карыпбаевич

12 Исаков Айбек Абдрахманович

13 Кожомуратов Эдилбек Кадырбекович

14 Абдуллаев Данияр Орозбаевич

15 Раимбердиев Уланбек Койчуевич

16 Кудайбердиев Улан Мирович

17 Султанов Акылбек Раимкулович

18 Анарбаев Замирбек Сатыбалдиевич

Булак: Багыт

19 Муратов Нургазы Абдырахманович

20 Таштемиров Ыманалы Надырбекович

21 Апсабырова Асель Байышовна