Домой Саясат Аскар Акаев 75 жашта! Дээрлик он беш жыл өттү.Кайтып келишиңизди күткөндөр бар…

Аскар Акаев 75 жашта! Дээрлик он беш жыл өттү.Кайтып келишиңизди күткөндөр бар…

21

10-ноябрда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев 75 жашка толот. Бул датага карата өткөн күндөрдүн шоокуму менен эл жүрөгүндө калган юбиляр боюнча биздин редакцияга түрдүү пикирлер, каалоолор келип түштү. Окурмандарга алардын айрымдарын сунуштайбыз.

Эсен ИСМАИЛОВ, КР эл артисти, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:
— Биз Аскар Акаевди дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу эле эмес, эң алгач Кыргызстандын тунгуч президенти катары баалайбыз. Анын билиминин, көрөгөчтүгүнүн жана зор аракетинин натыйжасында эгемен мамлекет түптөлдү, зарыл реформалар жүргүзүлдү, өнүгүүнүн демократиялык негиздери калыптанды. Акаев өлкөбүздө тынчтыкты жана улуттардрасындагы бекем ынтымакты орнотуп, сактап келди. Анын демилгеси менен уюшулган Кыргызстан элинин ассамблеясы токсонго жакын улуттарды бириктирген жыйырмадан ашуун улуттук-маданий борборлорунан туруп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жатат. Аскар Акаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктайм!.

Марат САРУЛУ, КР эл артисти, кинорежиссер:
— Урматтуу Аскар Акаевич! Сизди 75 жаш кутман курагыңыз менен куттуктап, дал ошол датадан баштап сиздин жашооңуздагы жаңы этаптын башталышын каалайм. Сиз сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанга кайтып келип, кыргыз элибиздин руханий жаңылануусуна, илим-билиминин өнүгүшүнө өз салымыңызды кошот деген үмүттөмүн. Сизге чың  ден соолук, узак өмүр,үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Төлөбай ЭРЕКЕ, кинорежиссер:
— Аскар Акаев 75 жашта! Дээрлик он беш жыл өттү… Эсил кайран СССРди титиреткен ГКЧПда өз позициясын тайманбай коргоп, эгемендүүлүккө чыйыр салган Акаев. Чыныгы демократиялык шайлоо уюштуруп, жеңип чыккан тунгуч президентибиз. КМШ алкагында биринчи болуп Кыргызстан өз валютасына ээ болду. Ошол кездеги Токтогул Сатылгановдун бейнеси түшүрүлгөн жүз сомдук купюранын күнү азыркы жүз доллардай болчу. Аскар Акаев дүйнөлүк держава Кытай менен чек арабызды толук чечип алууга жетишти. Ош-Бишкек жолу жаңыланып, түндүк-түштүк алакасы бекемделди. Ордолуу Ош шаары экинчи борборго айланды. Эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөгөн, Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын желегин желбиреткен тунгуч президентибиз Аскар Акаев Ала-Тообузга кайтып келсин!

Аманбай САТЫБАЕВ,Ош облусунун ишкерлер бирикмесинин төрагасы:
«АСКАР АКАЕВ ЧЫНЫГЫ ЭЛДИК ЛИДЕР»
Акаевдей гумандуу,
Тунгуч ажо,
Эл башчыдан,
Олуядай инсандан,
Акылмандар алды зээн,
Зергер кеңештер,
Үлкөндүгү аска-зоолуу,
Ала-Тоодой эмгектер.
Мыкты агай, ажо агай,
Жаңы кылым 19-жылында,
Кутман курак жетимиш беш,
Улуу устаз дем берди,
Калыс куттуктоолор,
Жер шарына кут келди!

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, экс-депутат:
-Акаев көп реформаларды жасады. Биринчилерден болуп суверенитетти жарыялады. Улуттук акчаны киргизди. Жерди элге берди. Мамлекеттик менчиктин көбүн жок кылды. Ошол реформалардын негизинде тамак-аш товарлардын дефицити жок болду. Адамдардын көбү өз алдынча тың оокат кылганга үйрөнүп калышты. А Акаев бул реформалар менен бирге кемчилик кетирсе керек, бирок ага козголгон кылмыш иши жок болгондуктан эмне үчүн өз мекенине келе албайт? Акаевдин кеткенине он беш жылдай болуп калды. Демек, биз мыйзамдын үстөмдүгүнө эмес, дагы эле бийликтегилердин өзүм
билемдиги менен жашап жатабызбы?..

Булак: Азия ньюс