Домой Саясат Топ жарган адам кесилди

Топ жарган адам кесилди

14

Күнүндө минген жоргону, мыкчыган тоодой олжону, оңко туруп сакасы, агарган тондун жакасы атка конгон Икрамжан Илмияновдун бир жылдык “эс алуусу” жети жылга бааланды. Нак кепти айтканда кыймылсыз мүлктөрү конфискация болуп, өзүн жети жылга сот кесип жиберди.

Анын шайлоо мезгилиндеги “көөнөрбөс эмгеги” сокур тыйынга арзыбады. Күнөөнү мойнуна албаганы менен айыптуу деп табылып, алоолоп от жагылып, көзкөрүнөө чабылып кетти кайран эптүү “шопур”.

Бул тагдыр эми башкаларга сабак болору күмөн. Анткени кимдин колуна бийликтин тизгини тиер замат көздөрү алачакмак болуп, мээлери иштебей каларын баамдап эле келатпайлыбы, же калппы? Эмнеси болсо да эл ичинде эсен жүргөнгө не жетсин?

Булак: Ачык сөз