Домой Саясат Токтайым Үмөталиева кызын жомоктогудай узатты

Токтайым Үмөталиева кызын жомоктогудай узатты

26

19-октябрда укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ырчы кызы Бурашты турмушка узатып, “Фрунзе” ресторанында “кыз узатуу” үлпөтүнө 250 мейман чакырган. Алардын 40%ы атактуу артисттер болду: Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Талгат Жакшылыков ж.б.

“Менин кызым маданияттын кызматкерлери менен чогуу чоңойду, – дейт Үмөталиева айым, – ошондуктан меймандар да чыгармачыл кишилер болду. 250 киши чакырдым, көпчүлүгү өзүбүздүн туугандар. Улуттук каада-салтыбызды көрсөтүп, кызымды бардык шарты менен узаттым”.

Тойго Казакстан президенти К.-Ж. Токаевдин кеңешичиси Ерлан Карин да келгенин Токтайым Үмөталиева ырастады:

“Ал илгертен берки досум. Аны менен Бейөкмөт уюмдун катардагы өкүлү болуп жүргөн кезинен бери таанышмын. 2000-жылдан бери. Өкүл ата катары келди”.

Казак президентинин кеңешчисинен тышкары тойго Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси жана анын орунбасары катышты.

Булак: KyrgyzToday.kg