Домой Коом Биздин жашоо ырыскылуу ушундай

Биздин жашоо ырыскылуу ушундай

14

Тамакты көп ашагандар оорудан арылбайт деген сөздүн чындыгы бардай. Маселен, коңшу өзбектер эки жүз адам чакырып той берсе бир кочкордун эти артып калат. Ал тургай артканын эт базарга алып чыгып сатып жиберет. Башка улуттагылар деле анчалык чыгымга учурабай эле тойлорун өткөрүп алышат. Баса, тажиктерге жүздөн ашуун адам чакырып той берсе мойнуна айып пул салып коюшат. Ошондуктан алар жүздөн кемитип конок чакырганы менен бир адамды да ашырбайт. Себеби, ким той берсе көзөмөлгө катуу алынат. Кыргызга окшоп мейличи деп ийин куушуруп устуканын алып, арагын ичип кетип калбайт. Досчулукту, тууганчылыкты булар алыс карманышат. Эл башчы буйрук чыгардыбы, аны аткарууга баары милдеттүү. Демек, мыйзам буларды тескеп турат чийинден түк чыгарбай.

Ал эми биздин азаматтар болсо бордоп багылган малды сойуп, үстөлдүн үстү бүкүрөйгөнчө тамак-ашын койуп, ыктытканча тойуп анан жыйынтыктайт. Өзгөлөр кетти деп жакындарын,жармачтарын алып калып таң атканча шапар тебишет. Арактан өкүртө ичип, көздөрү шишип, курсактары салаңдап, буттары аксаңдап калганча тойлошот атасынын акысы бардай. Бир жылдык планды алты саатта аткарып анан жатып калышат сулап, бирок эртеси эле тойлор күтүп турат. Кайра эле арак ичмей, казы-картага тоймой, белегин бермей, таңга маал үйгө келмей,тойдун кызыгы тез эле тарап кетет желдей. Казан кайнабаса, май чайнабаса, тойго барбаса, колун беш бармакка салбаса, анда эле болгонсуп каргаша, кабагына кар жаап, чекесин тырыштырып, кармаганын карыштырып, ашказаны курулдап, муруну шуулдап, кулактары чуулдап бир орунга отуралбай кыйналат. Айрыкча карды жарылган уйга окшогон күздө күндө майрам, күндө той, бүрсүгүнү маш ботой болорун жакшы билишет кыкеңдер.Ошондуктан кол тойдон бошобойт, ооз болсо чайнагандан талбайт, чөнтөк акчадан жукарат, той бергендер алаканын ушалап, айтор тойканалар байларга тушалат, мен сенден кем белем деп той жарышка түшкөндөр болсо күч алат.

Эмнеси болсо да кыргыздар жалаң курсагын ойлойт, жамбашын торпок жаласа да көнгөн адатын койбойт. Анан балинсалап калышат, бөйрөк, боордун азабын бергендиктен, ашыкча эт байлап салмак кошкондуктан, ачкылды аянбай соккондуктан  доктурларга жалынышат, экинчи сугалактык кылбай диетага отурам деп убадасын берет, эки жумадан соңүйүнө келет, кырк сегиз сааттан кийин эле ашказандын азабын берет. Биз кытай эмеспиз да  курт-кумурска жеген, сексени күрүч сегиз эт кылып аш баскан коңшулардан ат чабым алыспыз, куркулдайдын уясындагы жумурткасын аңдыбайбыз, эт жебесек басалбай калгыдайбыз, башкы байлык курсакты каржылайбыз. Кыргызстан тамаксоонун мекени, эт жеш боюнча чемпинго башка улуттар жетеби, үйүр-үйүр жылкылар,короо-короо кой багылып турганда бап келишкен көнгөн адат кетеби? Теңир берген токчулукту өзгөлөргө бербейбиз, конок келсе дасторконго кел дейбиз. Казандарда кайнап турса эт толуп, а курсактар дайым турат октолуп. Биздин жашоо ырыскылуу ушундай, а калкыбыз кармап турат түшкөн кутту учурбай.

Ж. Түзайтаров

Булак: Ачык сөз