Домой Коом Дааратканага түшүп кеткен бир туугандардын кичүүсү араң табылды

Дааратканага түшүп кеткен бир туугандардын кичүүсү араң табылды

553

Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында бир тууган 2 жаш бала кошунасынын дааратканасына түшүп кетип каза болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

«Жаман окуя болду. 1-класстын окуучусу ойноп жүрүп кошунасынын 8 метр тереӊдиктеги дааратканасына түшүп кеткен. Аны куткарууга барган 7-класстагы агасы да дааратканага түшүп кетти. Ошол маалда үйдө чоӊ киши жок экен. Башкалар чыгара алышпай, Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучуларын чакыртышты. Куткаруучулар алгач улуусунчыгарышты. Тилекке каршы ал каза болуп калыптыр. 1-класстагы инисин көпкө издешти. Ага-ининин үй-бүлөсү жакшы турушат.Үй-бүлө өздөрү салган 2 кабат үйдө жашашчу», – дешти айыл тургундары.

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнөн окуяны тастыкташып, маркум балдарга жергиликтүү күмбөздөн бекер жай алып берүүгө жардам көрсөтүлүп жатканын айтышты. Ошондой эле айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери ата-эненин абалы менен таанышып келишкен.

Маркум балдар окуган Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын мугалимдеринин айтымында, балдардын кичүүсү быйыл гана мектеп босогосун аттаган. Агасы жакшы окучу. Алардын ата-энеси мугалимдер менен активдүү байланышып турушчу.

Айыл тургундары үй-бүлөнүн каза болгон балдарынан тышкары 5-класста окуган уулу жана мектепке бара элек кичинекей кызы бар экендигин айтышты.

«1981-жылы туулган атасы курулуш тармагында эмгектенсе, апасы базарда иштечү. Күндүз экөө теӊ жумушта болушат. Кошунасы шалаакылык кылып, дааратканасын толук жасап койбоптур. Ошончо тереӊ даараткананы жасап, айланасын тосуп коюш керек болчу», – дешти жашоочулар.