Домой Саясат Нарис Калчаев, активист: “Жокко чыккан токтомду калыбына келтирип, корук жерди алтын казууга...

Нарис Калчаев, активист: “Жокко чыккан токтомду калыбына келтирип, корук жерди алтын казууга берип жаткандары мыйзам бузуу эле эмес, мамлекетке чыккынчылык кылуу”

4

-Нарис, “Кумтөрдөгү” мыйзамсыздыкты айтып, элдин таламын талашканыңыз үчүн  камалып да чыктыңыз. Элдин кызыкчылыгы эске алынбаган келишимдер күчүнө киретурганы боюнча коңгуроо кагып жүрдүңүз эле. Бийликтин 2009-жылдагы концессиялык келишимди  күчүнө киргизип, жокко чыккан токтомду калыбына келтирип, мамлекеттин корукка алынган  “Сары-Чат, Ээр-Таштан” 16 гектар жерди кен казууга бергени колдоого аларлык ишпи же чыккынчылыкпы?

-Бийлик 2009-жылы түзүлгөн  концессиялык келишимге таянып, 16 гектар  корук жерди кен казууга бергени чыны менен акылсыздык болду. Анткени, бийлик таянып, корук жерден кен казууга жер берген  келишимдин өзү мыйзам.

Эмне үчүн мыйзамсыз?

-Анткени, ал келишим түзүлгөндө лицензиялык келишимдин   жол жоболору сакталган эмес. Ошондой эле ал келишим мыйзамсыз түзүлгөнүн далилдеген Садыр Жапаровдун жана мамлекеттик  комиссиянын чечими чыгып, Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаганын  баса белгилешкен. Ал тургай ошол келишимге кол койгон адамдар Кыргызстанга чыккынчылык кылды деп жарыялашкан.

 Кезинде аталган комиссия бул келишимди мыйзамсыз деп таап, өкмөттөн жокко чыгаруусун өтүнгөн. Тилекке каршы, кандайдыр бир себептер менен өкмөт азыркыга чейин ал келишимди жокко чыгарбай келди. Азыркы бийлик болсо, какаганга муштаган кылып, 2009-жылдагы келишимди  күчүндө калтырып, жокко чыккан токтомду күчүнө киргизип, 16 га корук жерди  кен казууга берди. 2012-жылы жокко чыккан токтомду калыбына келтирип, корук жерди алтын казууга берип жаткандары мыйзам бузуу эле эмес, мамлекетке чыккынчылык кылуу деп эсептейм. 2012-жылы эл корук жердин кошумча берилишине каршы чыгып, жол тосууга чейин барып, нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Өкмөт элдин таламын аткарып, аталган токтомду жокко чыгарууга аргасыз болгон. Азыр ошол окуяны эске салып, кайра ошол токтомду тымызын күчүнө киргизишти. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Өкмөттүн алсыздыгы. Азыркы бийликтин элге каршы аракети деп түшүнөм.

Неге “Кумтөрдү” иштеткен компанияны Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштетпей эле тескерисинче, алардын кызыкчылыгына  мыйзамдарыбызды ылайыктап өзгөртүп берип жатабыз?

-Мени да ошол маселе ойго салат. Айтайын дегеним, “Кумтөрдү” иштеткен компаниянын туура эмес иштерин айгинелеген комиссиянын чечимдери, канчалаган эл аралык компаниялардын  чыгарган бүтүмдөрү чыкса да, эмнегедир эске алынбай жатат. Ал тургай көп учурда “Кумтөрдү” иштеткен компаниянын кызыкчылыгы  Конституциябыздан да жогору болуп кеткен учурлар бар. Депутаттар, премьер-миснистрлер, президенттер кезинде “Кумтөр” боюнча жалындуу сүйлөшкөнү менен иш жүзүнө келгенде мококтук кылып коюшат. Ал тургай өкмөткө кызматка келгендин көбү “Кумтөрдү” иштеткен ишкананын адвокатына айланып алган учурлары бар. Жогорку Кеңеш жокко чыгарса, өкмөт ишке ашырбаган токтомдор бар. Негизи жогору жакта кичине эле эрк болсо, “Кумтөр” маселесине чындап киришсек, чиеленишкен татаал маселедей сезилип жаткан “Кумтөр” маселесин чечүүнүн жолдору бар. Эл аралык сотто талабыбызды талаша турган жагдайлар бар. “Кумтөрдү” сотко берсек, эл аралык сотто утулуп калабыз. Биздин сотто жеңип чыга турган мүмкүнчүлүгүбүз жок деп айтканыбыз бул жөн гана элди алдагандык.

 Эгер бийлик тараптан азыр да адилетсиздикке жол бериле турган болсо, биз аларга тоскоолдук кылууга акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Биз “Кумтөрдү” бир ууч топтун эмес, мамлекеттин кызыкчылыгына иштешин талап кылабыз. Жана бийликтин өз билемдик менен чечим кабыл алып,  элдин каарына калбашын суранабыз.

Булак: Фабула