Домой Коом Соо жери калган эмес! Ысык-Көлдөгү 5 адамдын өмүрүн алган кырсык: “Рулдагы аялдын...

Соо жери калган эмес! Ысык-Көлдөгү 5 адамдын өмүрүн алган кырсык: “Рулдагы аялдын спирт ичимдигин ичкени аныкталды”

18
Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 5 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда болгон. Анда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

BMW-Х5 жолдун каршы тилкесине чыга калган. Бул учурда каршылаш келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерде мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.

Ал эми BMW-Х5 унаасын 41 жаштагы аял айдап бара жаткан. Аны наркологиялык борборго алып барганда спирт ичимдигин ичкен деген жыйынтык чыгарып беришти. Учурда рулдагы аял жана жанындагы жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасында. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө”, – деп айтты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы.