Домой Саясат Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 28 жыл толду

Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 28 жыл толду

15

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат.

Бул күнгө карата өлкөнүн облус жана райондорунда салтанат уюштурулду. Башкы майрам Бишкектеги Ала-Тоо аянтында саат 10до башталды.

Ага президент Cооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, элди куттукташты.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.