Домой Коом Садыр Жапаровдун уулу Дастан каза болду

Садыр Жапаровдун уулу Дастан каза болду

725

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун уулу Дастан авто кырсыктан каза болду. Активист Мелис Аспековдун билдирген маалыматында Мусталиев жол кырсыгына кабылган.

-Бишкек шаардык 4-ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу. Партиялаштар чогулуп, кан бергенбиз. Азыр эле Дастандын жан бергени тууралуу кабар алдык, — деди Аспеков.

Кошумчалай кетсек, 27 жаштагы Дастан Мусталиев Садыр Жапаровдун улуу баласы.

Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.