Домой Саясат Кундуз Жолдубаеваны каматууга Турдукулов эмнеге ашыгууда?

Кундуз Жолдубаеваны каматууга Турдукулов эмнеге ашыгууда?

71
7-8-августка чейин мурунку –президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын катарында жүргөн активист атанган Адиль Турдукулов алгач, мурунку УКМК башчысы

Абдиль Сегизбаевдин камалбай жатканын жана анын эки тарапка ойногонунан шек санаган билдирүү тараткан. Эми ал тизмеге Кундуз Жолдубаева да кошулуптур.

Адиль мырза учурда Жолдубаеванын жоопко тартылбай жатканы тууралуу ой жооруп, өзүнүн тынчсызданганын фейсбук баракчасына төмөнкүчө билдирди. “Буга чейин эле Жолдубаева менен Сегизбаев жоопко тартылбай, укуктук-процессуалдык чара көрүлбөгөнү «Азыркы бийликте аларды калкалап жаткан таасирдүү бирөөлөр барбы?» деген шек жаратып келген. Же болбосо «Азыркы бийликке карата алардын колунда кандайдыр бир компромат болушу мүмкүнбү?» деген суроо турат. Бирок эми азыр Жолдубаевага карата кылмыш иши козголгону, алардын баары бир жазасыз калбай турганынан үмүт бере баштады. Анткен менен Жолдубаеванын башкалардай болуп камакка алынбай, үй камагында калышы көп нерседен кабар берет. Анткени Салянованын кичине кызына карабай алып барып камашкан. Жолдубаеваны эмне себептен сыртта калтырышканы түшүнүксүз. Демек бийликте аны колдоп, калкалап, жоопкерчиликтен куткарууга таасир эте ала турган бирөөлөр бар экени дайын болуп калды. Болбосо экөөнө бирдей эле мамиле болушу керек эле”, – деп жазды А.Турдукулов.

Адиль Турдукулов, Атамбаевдин тарапташтарын, өз пикирлештерин каматууга эмнеге мынча ашыгууда?- деген ой туулбай койбойт.

Аryba.kg