Домой Саясат Кыргызстандын  дүйнө жүзүнө сыймыктанчу нерсеси- жалгыз сөз эркиндиги гана калды…

Кыргызстандын  дүйнө жүзүнө сыймыктанчу нерсеси- жалгыз сөз эркиндиги гана калды…

17

Эл аралык алкакта эркин мамлекет катары таанымалбыз. Суверендүү мамлекет катары көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчөбүз. Эң негизкиси- кошуна колоңдордон эле эмес, жер бетиндеги көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланган артыкчылыгыбыз: аларга салыштырмалуу биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар деп эсептейм.Түшүнгөн адамга мунун мазмуну терең. Мындай баалуулук планетанын ар бир эле элинин шыбагасына бурган эмес. Сөз эркиндигинин башкы функциясы- өлкөнүн маховиги, күрөө тамыры болгон саясий элитанын аксагандыгын же өздөрүн өзү билип коомчулук үчүн туура эмес болсо да оюна келген нерсени жасай берген нерсени  жактырбайт. Сөз эркиндиги аты айтып тургандай эле бийликтин ээси болгон элдин эң ыйык нерсеси катары эсептелген эркиндиги, укугу! Мамлекеттин өнүгүп-өсүүсүнө тоскоолдук жаратчу же кандайдыр бир мыйзамсыз көрүнүштөрдү айтып чыгуу же чагылдыруу, же ошондой кемчиликтерге карат туура сын айтуунун эмнеси жаман? Эгерде, элдин жашоо шарттарында чындап эле “кой үстүнө торгой жумурткалап жатса” андай мыкты иштерди жасаган жетекчилердин ишин сөз эркиндиги албетте мактайт, жактайт. Андай жакшы иштер менен чогуу кубанат. Кокус андай болбой жатса, жөн эле кагаз жүзүндө жазылган жел цифралар, куру убадалар менен “өнүгүп-өсүп жатсак” калп эле кол чаап, анжиян диаллектикасындай “хоп, майли, сиздики туура” дей бергендик  сөз эркиндигинин баалуулугуна кирбейт. Андай цензура тотолитардык башкарууга умтулган бийликте же тотолитардык башкаруу орногон өлкөдө гана өкүм сүрөт…

… Жаратылышта нечендеген  түстөр бар сыяктуу, адамдардын ой сезимдеринде  да  түрдүү пикирлер болот. Массалык маалымат каражаттарынын негизги милдети ошол ой-пикирлерди элге жеткирүү. Себеби,журналистика- бул  коомдун тамырын кармап, анын пульсуна баа берип туруучу кесип. Ошон үчүн гезиттер, теле же радио болобу алар бири кимдир бирөөнүн айыбын ачса, дагы бири мактайт. (Бу жарыкта телегейи тегиз адам жок.) Ошондуктан, так ушул жазма ээлерин социалдык жана кесиптик жактан  коргоого алчу Эл аралык уюмдар деле жөн жеринен түзлбөгөн чыгаар. Алсак,  дүйнө журналисттеринин башын бириктирген “Эл аралык журналисттер федерациясы” өткөн кылымдын экинчи он жылдыгынын ортосунда эле (1926-жылы) түзүлгөн. Андан кийин пайда болгон (1945-жылы) дагы бир дүйнөлүк масштабдагы “Журналисттердин Эл аралык бирикмеси” да электрондук жана  басма сөз ээлеринин укуктарын коргоо менен алектенип келет. Ушундай эле тилекте түзүлгөн (1984-жылы) “ Журналисттердин эл аралык борбору”,  “Чек арасыз репортерлор” атуу  бирикмелерди атасак болот.Ошондой эле ар бир сөз эркиндигин сыйлаган өлкөлөрдө “Журналисттер союзу” деген коомдор бар.

Ал эми оюмдун өзөгүн айтсам, соңку күндөрү “сөз эркиндиги бар” делген мамлекетибизде бийлик тарабынан дал ошол сөз эркиндигине болгон кысым күч алып баратканы тынчыздандырат. Алсак, эки айдан бери убакыттан бери коомчулукта бирден-бир окуялардын бири болгон Кой-Таш окуясын чагылдырып келген журналистерди күч органдары биринен сала-бирин суракка алып келгени, өз үнү, өз көз карашы бар таланттуу журналистер иштеген “Апрель” телеканалынын” бийлик тарабынан жабылып калышы, коомдогу окуяны ар тараптуу чагылдырып келген “Азия ньюс” гезитин  ошол эле бийлик өкүлдөрү тарабынан он миллиондогон сом доого жыгып муунтуп жатышы жана да “Ачык саясат плюс” гезитинин мойнуна да жүз миңдеген сомдорду  ар-намысы“таза” адамдар тарабынан андайлардын периштеникиндей таза апппак “ар-намыстарына” доо кетирди деген кине менен ксымга алынып жатканы өтө өкүнүчтүү. Балким бийлик өкүлдөрүнүн ошентүүгө кандайдыр бир себептери бардыр, а бирок түпкүлүгүндө кандай гана бийлик өкүм сүрбөсүн ар бир журналист  эл башында тургандардын ар-намысы кемтик болуп калганын каалабаса керек. Тескерисинче, жетекчилик кызматтагы азаматтардын ар убакта кристалдай таза болуусункаалайт болуш керек го деп ойлойм. Ал эми, деги эле мамлекетинин бүтүндүгүнүн  бүлгүнгө учурагандыгын эч кимиси каалабайт дагы жана андайга эч кимисинин да дити барбайт деп ойлойм. Бир бүтүн мамлекет болуп калыш үчүн кыргыз эли эмне деген гана азап-тозокторду өткөрбөдү. Муну көкүрөгүндө Мекен деген аруу сезими бар кесиптештерим сопсонун түшүнөт.

Айтаар сөз: бийликтеги укуругу узун мырзаларга чын жүрөктөн айтчу каалоом- сиздердин кулагыңыздарга чынбы-калппы ар нерселерди шыбырай бергендердин эле эле сөздөрүн угуп, алардын орбитасында кала бербей, ар бир эле мамлекеттин шыбагасына буюра бербеген сөз эркиндигине болгон одоно мамилеңерди басаңдатаарсыңар деген өтүнүч. Ар бир журналисттин тилеги деле сиздер ойлогондой эле  бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстанынын тынчтыкта жашап, өнүгүп-өсүп кетүүсү. Буга бир эле мисалды келтирейин, 2010-жылдагы Түштүк коогалаңында журналисттер бир муштумдай түйүлүп мамлекеттин бүтүндүгү, биримдиги, тынчтыгы үчүн иш алып барганы… Журналистердин ошол аракеттери ал кездеги бийлик каармандарынын, айрыкча ошол от чыккан аймактын губернаторлорунун эстеринен чыга электир  деген ишенимдемин. Деги эле журналисттер Мекенин бийликтегилерден ашык сүйбөсө, кем сүйбөйт! Алардын  баарында “мамлекетибиз бактылуу  жашаса экен”деген аруу тилек бар экенине бөркүмдөй ишенем!

P.S. «Бетеге кетет бел калат, бектер кетет, эл калат» дегендей, бүгүн бар эртең жок бийликтин тоголок тактысына кимдер гана келбеген. Алтын  жамынган нечендеген хандар,  жер жүзүн дүңгүрөткөн падышалар өткөн. Мына  ошондой журт башкаргандардын тазаларын, мыктыларын арадан канчалаган мезгилдер өтсө да, кылымдар алмашса да андай асылдарды сый-урмат менен ар убак калктын  эсине салып, жүрөктөрүнө жеткирип тургандардын бирден бири  бул-төртүнчү бийликтин ээлери- журналисттер …

Кенжебек Арыкбаев, Кыргызстан Журналисттер Союзунун сыйлыгынын лауераты, КРнын маданиятынын отличниги, “Айгай-пресс” коомдук-саясий гезитинин башкы редактору