Домой Саясат Келсе суралат. Прокуратура Акаев жана анын жакындарына козголгон иштер тууралуу

Келсе суралат. Прокуратура Акаев жана анын жакындарына козголгон иштер тууралуу

8

Мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстанга келе турган болсо суракка чакырылат. Мындай билдирүүнү Башкы прокуратуранын маалымат кызматы таратты.

Башкы көзөмөл орган социалдык тармакта талкууланып жаткан мурунку өлкө башчы жана анын үй-бүлөсү боюнча комментарий берген. Буга чейин Акаевдин улуу кызы Берметтин Кыргызстанга келгени айтылган.

Башкы прокуратуранын маалыматында Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө — жубайы Майрам Акаевага, уулу Айдар Акаев жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата иш козголгону айтылат. Алардын аракеттеринен өлкөгө бир нече миллиондогон зыян келтирилген.

Майрам Акаева башкарган “Мээрим” кайрымдуулук фондусунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн натыйжасында 30га чукул иш козголуп, мамлекетти 64 миллион сомдук чыгымга учуратканы такталган. Өлкө менчигине ондогон имарат кайтарылган.Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев шылуунчулук кылган, салык төлөөдөн баш тарткан, монополиялык аракеттерге барган деп күнөөлөнүп, сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. Ошону менен бирге сот “Манас” эл аралык аэропортунун пайдасына 10 миллион доллар өндүрүүгө милдеттендирген.

Ал эми Айдар Акаевдин үстүнөн төрт кылмыш иши козголуп, келтирген зыяны 3 миллион долларга бааланган. Анын күнөөсү дагы 11 иш боюнча аныкталган.

Белгилей кетсек, мурунку президент үй-бүлөсү менен 2005-жылы 24-мартта болуп өткөн окуялардан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Башкы прокуратура үй-бүлө мүчөлөрүнүн кээсин камакка алуу чечимин чыгарса, Айдар Акаевге, Адил Тойгонбаевге жана башка туугандарына эл аралык издөө жарыялаган.

Sputnik.kg