Домой Саясат Аскар Акаев: Кызым мекенине туугандарга жолукканы барды

Аскар Акаев: Кызым мекенине туугандарга жолукканы барды

117

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келгенин ырастады.

«Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ал «эч кандай башка максаты жок. Ал туугандар менен көрүшкөнү гана барды» деп түшүндүрдү.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылы башкарган. Ал элдик толкундоолордон кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетүүгө мажбур болуп, Москвада жашап калган.

Бермет Акаева 2005-жылы парламентке депутат болгон. Кийин 2007-жылы да шайлоого катышууга аракет кылган.

Ал «Манас» аэропортуна 19-августта Москва-Бишкек каттамы менен учуп келгенин интернет-колдонуучулар жазып чыгышкан.