Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева  өзүнүн Инстаграм баракчасына атасынын кармалышы тууралуу билдирүү таратып,  атасы мыйзамсыз кармалганын, учурда “укуктук эрежелер бузулуп, оппозициялык телеканалдар өчүрүлүп, жалган маалымат таратылып жатканын” билдирди.

“Менин атамды кримтөбөл Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышына байланыштуу ойго келбеген, токулган иш боюнча суракка алууга аракет кылышты. Бирок чындыгында атамды башка өнөктөштөрүндөй эле оппозициялык ишмердиги үчүн гана камакка алууну каалашкан”, – дейт Алия Шагиева.