Көк-Жарда милиция менен чогулгандар кагылышты pic.twitter.com/kYEW6nDgFn
— Азаттык радиосу (@Azattyk_Radiosu) August 8, 2019
Көк-Жар айылынын тушунда милиция кызматкерлери тизилип турган тосмону жаалданган топ жарып өттү.
«Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, 200-300дөй адам таш ыргытып, милиционерлер качып кетүүгө аргасыз болушту.
Окуя Бишкектен Кой-Ташты көздөй бара турган жолдо, Кой-Ташка 8дей чакырым алыс жерде болду.