Домой Саясат Алмазбек Атамбаев: Каза болгон жоокердин өлүмү Жээнбековдун абийиринде

Алмазбек Атамбаев: Каза болгон жоокердин өлүмү Жээнбековдун абийиринде

206

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта жараат алып каза болгон жоокердин өлүмү үчүн жоопкерчилик мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун абийиринде деп эсептейт.

«Аны ушундай ыплас ишке жөнөткөндөр, Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик күнөөлүү» деди Атамбаев.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында ИИМге суракка үч жолу чакырылган. Ага чейин парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан токтом кабыл алган. Атамбаев өзү Жогорку Кеңештин бул чечимин тааныбай турганын, тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере аларын айтып келет.

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясы ишке ашпай калды, бир жоокер каза болуп, күч органдарынан жана жай тургундардан элүүдөй адам жараат алды.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп бере элек. Ал Ысык-Көлдөгү эс алуусун токтотуп, кечээ Бишкекке кайтты. Учурда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.