– Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча өлкө башчысына жазган арызын кандай кабыл алдыңыз?
– Менин оюмча, Сооронбай Шариповичтин ишмердүүлүгү үчүн өзүнүн эркиндиги болушу керек.
– Сиздин оюңузча жакынкы аралыкта саясый талаада кайра түзүп чыгуу аракети болобу?
– Мындай нерсе дайым болуп келген жана мындан ары да болот. Жакынкы жарым жылда ушундай көрүнүш болот.
– Саясый кырдаал курчуйт деп ойлойсузбу?
– Кыргызстанда кырдаал курчуйт дегенден алысмын. Анткени, анын (Сооронбай Жээнбековдун) алгачкы кадамы коомчулук тарабынан чоң колдоо табууда.
– Президент менен Жогорку Кеңеш кандай кызматташып жатат жана мындан ары кандай кызматташат дейсиз?
glipizide without a prescription.
– Бүгүнкү күндө президент менен парламент конструктивдүү иштеп жатат.
– Президентти көпчүлүк депутаттар колдойт деп ишенесизби?
– Эгер президент шайлоо астында элге берген убадаларын убакыт өткөн сайын аткара баштаса менин оюмча парламент тарабынан чоң колдоо болот.
– Жакынкы аралыкта күч органдарынын жетекчилеринин отставкасын кандай божомолдойт элеңиз?
– Бул эми алардын мындан аркы аракеттерине байланыштуу болот.
Булак: “АКИ-пресс” агенттиги