Домой Саясат Мамлекет башчысы президенттикке талапкерлердин рейтинги кантип өзгөргөнүн айтып берди

Мамлекет башчысы президенттикке талапкерлердин рейтинги кантип өзгөргөнүн айтып берди

10

cytotec for abortion. 29312 (1)

Шайлоо астында көрүнүктүү үч компания калк арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Бул тууралуу президент   7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

“Башында биздин президенттикке талапкердин рейтинги 3 пайыз болсо, Ѳмүрбек Бабановдуку 39 пайыз болгон. Бүгүн болсо Бабановдун рейтинги 20 пайыз, биздин талапкердики 40 пайыздан ашуун. Мындан ары да көбөйөт, анткени учурда биздин эл бөлөк. Биздин эл ак-караны ажыратып калган. Бул үчүн буга чейин кандай болгон жана келечекте кандай болорун эске салуу жетиштүү”, – деди А.Атамбаев.

Буга чейин “Эл пикир” сыяктуу бир катар абройлуу уюмдардын социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгы жарыяланган. Анда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы колдой турганы аныкталган.