Домой Дүйнөдө Назарбаев: Орусияга карата жаңы санкциялар Казакстанга терс таасир этиши мүмкүн

Назарбаев: Орусияга карата жаңы санкциялар Казакстанга терс таасир этиши мүмкүн

13

813221

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Орусияга карата жарыяланган жаңы санкциялардын таасири Казакстанга да тийиши ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу ал кечээ премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолукканда айтып, “азыркыдай катуу иштөөнү” талап кылды.

“Жыл аягына чейин жакшы көрсөткүчтөр менен чыгышыбыз керек. Коркунучтар бар. Биздин мунай продукциябыздын наркы олку-солку болууда. Батыштын Орусияга санкциясынын таасири болушу ыктымал” деди казак президенти.

2-августта АКШ президенти Доналд Трамп Орусияга жана анын ишканаларына карата санкциялардын жаңы пакетине кол койгон. Ошол эле күнү Казакстандын акча алмаштыруучу жайларында теңге долларга карата арзандай түшкөн.

Булак: Азаттык clomid no prescription.