– Нурлан мырза, “ЖинМэн” тасмасы кайсы жанрга кирет?
– «ЖинМэн» комедия жана фантастика жанрына кирет, мындайча айтканда – сыйкырдуу комедия.
– Эмне себептен азыркы кинолордо профессионал актөрлорду эмес, билими жок актөр же актрисаларды учуратып келебиз?
– Балким, коммерциялык жагынан пайдасы бар деп профессионал эмес, атактуулугуна басым жасалып жаткандыр. Менин оюмча, бул убактылуу эле көрүнүш. Анткени, профессионалдар менен иштешүү абдан жеңил жана долбоорго пайдалуу.
– Бала чактан режиссөрлук дараметиңиз барбы?
– Дараметиме киносынчылар жана көрүүчүлөр баа берээр. Бирок, бала чактан эле кино көрүүнү сүйчүмүн.
– Тасмалар элге сиңимдүү болушу үчүн бизге кино сынчылар керек деп эсептейсизби?
– Эсептейм. Киносынчылар тасмалардын элге сиңимдүү болушу менен бирге тасмалардын жалпы сапатын жогорулатуусунда таасири бар деп ойлойм.
– Дагы кандай идея, тема сизди кызыктырат, ким тууралуу тасма тарткыңыз келет?
– Азыркы учурда адилеттүүлүк темасы кызыктырат, бирок өтө оор түрдө (курч драма) эмес, мыскыл жана комедия түрүндө бергим келет.
Собол узаткан Төлөбүбү Касымалиева