Прокурор кебетеси менен ашкере кутуруп жүрүп тутулган Канжар Кадыралиев менен анын иниси Уланбек Кадыралиевдин соту Бишкектин Октябрь райсотунда 1-мартта болмок. Бирок, сот процесси болбой калды. Анткени, Уланбек Кадыралиев Куршабда жатып ооруп калыптыр, справкасы бар экен. Билесиздер да, бу эки “тентек” мурунку депутат Ыргал Кадыралиеванын бир туугандары.