Домой Саясат “Өнүгүү-Про­гресс” партиясынын депутаты Тазабек Икрамов вице-мэрдин жаагын талкалабайбы?

“Өнүгүү-Про­гресс” партиясынын депутаты Тазабек Икрамов вице-мэрдин жаагын талкалабайбы?

17

Тазабек ИкрамовӨткөндө “Өнүгүү-Про­гресс” партиясынын депутаты Тазабек Икрамов “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлери, анын ичинде биринчи вице-мэр Тайырбек Чойбеков 1 гектар жерди менчикке мыйзамсыз өткөзүп жибе­ришкен” деп парламент трибунасынан айткан эле. “Депутаттын бул айткандары такталбаган маалыматтар. Ооба, прокуратура кылмыш ишин козгогон, бирок, мыйзамсыздык болгонбу, болсо, аны ким ишке ашырганын соттон мурун эле айтууга болбойт да”, – деп нааразы болот Тайырбек Чойбеков мырза.

Негизи Икрамовдун “чоң муштумдук” жайы шайлоо мааалында жакшы эле байкалган. Эми да ошол ыкмасына салып, вице-мердин жаагын талкалап жүрбөсүн. Неге дегенде “чоң муштумдардын” муштуму бат-бат кычышып турат эмеспи.