logo

"МАЙДАН" айыл аймагынын
расмий сайты

+996 778 28 36 61

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

2016-06-22

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт
2016-жылдын 21-июнунан 24-июнуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. \r\n21-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 21-июнда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо жаайт. \r\n\r\n \r\n22-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. 21-22-июнда абанын температурасы көпчүлүк аймактарда төмөндөп, жайыттарда түнкүсүн 2° сууктан 3° жылуулукка, күндүз 7…12° жылуу болушу күтүлөт. \r\n\r\n \r\nМындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. \r\nКүтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. \r\nАдамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 20-июнунда КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.